Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Белгисиздиктен, ачкалыктан коркподум, балам үчүн ажыраштым...

Белгисиздиктен, ачкалыктан коркподум, балам үчүн ажыраштым...

21-сентябрь, 12:19
2 178 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайненелер жөнүндө айтылган жаман сөздөргө ишенбегиле. Жакшы адамдар бар. Ооба, алар аз, бирок бар. Бул нерсени мен так айта алам. Анткени, андай жакшы адамдын бирөөсү менен чогуу жашайм. Ал менин алтындай кайненем.

Балам экөөбүздү турмуш чүнчүтүп бүткөн. Экөөбүз атасынан жакшы сөз укпадык. Мага кол көтөрөт, баласын сөгөт. Атасы мындай болсо, чоң энеси дагы андан кем калбайт. Каргыш айтуу боюнча дүйнө чемпионатына барса болчудай. Небереси башында жанына чуркап барчу. Тосуп алгандын ордуна кагып салат эле. Кийин ал келатканда эски шкафтын артына бекинип алчу.

Ажыраштым. Минтип жашоо болбой калды. Баламдын келечегине балта чапкым келбеди. Менин тандоом үчүн анын жабыркашын каалабадым. Биз бакытка татыктуубуз деп ойлодум. Белгисиздиктен, ачкалыктан коркподум. Жашоо мени сындыргысы келди. Сынбадым. Балам үчүн сынбадым.

Экинчи турмушумдан бакыт таптым. Күйөөмдүн сүйүүсүнө бөлөндүм. Кайын-журттан сый күттүм. Бир учурдагы байкуш келин кичүү, эрке келинге айланды. Көздөрүм жайнап чыкты. Ак чачтарым карайып, жүзүмө нур түштү. Жоголуп кеткен сулуулугум кайтып келди.

Сыртта тоокторго жем чачып жүргөм. Балам менен кайненем үйдө токоч жасап отурушкан. Экөөнүн сүйлөшкөнү ачык терезеден мага угулуп жатты.

-- Алдыңан кетейин ий, ошентип камырды тоголоктой бер. Азыр сага чоң апаң сонун май токоч жасап берет. Ий, садагаң болоюн.

-- Мен желмогузмунбу?

-- Ыя ботом, аны сага ким айтты?

-- Мурдагы чоң апам. Ал мени желмогуз дечү. Анан жамансың дечү. Анан урчу.

-- Өзү желмогуз. Аныбы, шашпасын! Менин неберемди таарынтканын кара! Көңүлүңө алба балам. Билесеңби, эмнеге ал антип айткан?

-- Эмнеге чоң апа?

-- Анткени, сенин чыныгы чоң апаң менмин.

-- Мени таштап кайда жүрдүңүз?

-- Секетиң болоюн, сени таштабай, издеп жүрбөдүмбү. Сен менин алтындай неберемсиң. Кана, камырың даярбы?

-- Ооба, чоң апа!

Көзүмө жаш алдым. Тооктор эбак жердеги жемди жеп бүтүп, мени карап турушуптур. Ичимдеги баламды сылап, ыйлап тура бердим. Жок, бул бакыттын ыйы эле.

(Интернеттен алынды)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер