Акыркы кабарлар
» Коом » 11 ай ичинде Биринчи Май районунун аймагында 872 митинг болгон
11 ай ичинде Биринчи Май районунун аймагында 872 митинг болгон
22-декабрь, 17:57
611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында 872 митинг болгон. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Биринчи Май районунун аймагында жыл башынан бери 1 миң 74 кылмыш жана жорук катталган. Алардын 630у ачыкка чыкты, 444ү ачыкка чыга элек» деп жазат басма сөз кызматы. Мындай билдирүү Биринчи Май РИИБи облустук акимчиликте өткөн отчеттук жыйында айтылды.
«Белгилей кетсек, Биринчи Май районунда №5, 19 милиция бөлүмдөрү иштеп, 77 милиция кызматкери жана 25 жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор кызмат өтөшүүдө» деп билдирет мэрия.