Адатта таза, так сүйлөсөк


Дүйнө жүзүндө ар бир улуттун аздектеп сүйлөп, сыймыктанган өз эне тили бар. Адамдар ошол өз эне тили менен карым-катнаш, байланыш түзүшөт.
Кыргыз эли мамлекеттик тилин мыйзамдуу түрдө кабыл алганына быйыл 36 жыл болот. “Элибиз өз эне тилинде таза, так сүйлөйбү?” деген суроо туулат. Жок, андай эмес. Дегенибиз, азыр Жогорку Кеңештин депутаттары баш, өкмөттүн мүчөлөрү төш болушуп, кайдагы “й” деген тамганы сөз ортосуна кошуп сүйлөшүп, өздөрүнүн курчечендигин көрсөтүшөт. Мисалы, “келели”, “берели”, “бололу”, “алалы”, “баралы”, “көнөлү” “жүрөлү”, “туралы” өңдүү сөздөргө “й” тамганы ортого чапташат. “Келейли”, “берейли”, “болойлу”, “алайлы”, “барайлы”, “көнөйлү”, “жүрөйлү”, “турайлы” дешип, тил безер болушат. Бул өнөкөт оору элет элине да жукту. “Сыныктан башканын барысы жугуштуу” деген сөз чын экен.
Дагы бир мисал мындай: көпчүлүк тилбезер чечендер “вот”, “так”, “как раз”, “значить”, “более менее”, “вообще”, “теперь” өңдүү орус тилиндеги сөздөрдү туура келсе-келбесе да кошуп сүйлөп, жанды күйгүзүшөт.
Жогорку Кенештин депутаттары жакында бир сессияда мамлекеттик тил боюнча маселе карап жатканда, Бактыбек Сыдыков деген депутат оозу-мурду кышайбай туруп “мен кыргызча билбесем, ошого күнөөлүмүнбү?” деп оозду Ошко каратпадыбы!
Биз минте берсек, келечектин жаш муундарына келегей кыргыз тилин мураска калтырабызбы? Демек, жогоруда келтирген мисалдарга аттуу-баштуу тилчи окумуштуулар, мамлекеттик тил боюнча комиссия үн кошуулары зарыл. Буга окурмандар да кайдыгер карашпаса абдан жакшы болор эле.
Жээнтай Абдиев, жазуучу, Жайыл району
"Азия Ньюс" гезити











