Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Долларга жашынган акыр заман же табышмактуу символ эмнени билдирет?

Долларга жашынган акыр заман же табышмактуу символ эмнени билдирет?

22-ноябрь, 13:18
1 376 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыр дүйнөнү бийлеп жаткан көк кагаз өзүн сүйгөн пенделеринин ажатын ачып, ой-максатарына жеткирип, байлыкка марытып, “уялчаак” депутаттарын сүйлөтүп турган заман. Айрымдарга атак-даңк, чин жылмая күлүп, байларды каалагандай калчап, пенделеринин сүймөнчүлүгүнө айланды. Энесинен артык көргөн көк кагазды ансайын тереңге каттырды. Отуз жыл бою шапар тептирип жыргатты.

Байлардын жыргал сапары карыды бейм, учурда УКМКнын коррупция менен күрөшү күч алды. Күмүш акчаларын ката албай алдастап, айласы эки кеткен чак. Коррупция менен күрөшүү өз жолу менен болсун, а биз адамга азгырык салган доллардын сыры эмнеде экенине токтолуп кетели.

Имам Бухариден бизге жеткен касиеттүү хадисте Аллах тарабынан жиберилген пайгамбардын баары өз доорунда Тажал (Библия Антихрист) жөнүндө эскерткен диний аңгемелерде Тажалдын кейпи сүрөттөлүп, анын жалгыз көзү бар экени айтылган. Америкалык валютанын эң майда купюру 1 долларлык банкнотту колуңузга алып карап көрсөңүз, анын арткы бетинде жалгыз көз түшүрүлгөн сүрөттү көрөсүз. 

Чындыгында АКШдагы эң өтүмдүү доллардын бетиндеги кишиге жагымсыз таасир берген он үч сандан куралып бүтпөй калган пирамиданын ортосуна түшүрүлгөн жалгыз көз эмнени билдирет?

Ал пирамида менен үч бурчтук массондордун символу болуп саналат. Көздүн үстүндөгү Annuit Coeptis деген латынча жазуу он үч ариптен турат (ушул 13 саны бир нече ирет кездешет). Кыргызча которгондо, "максатыбызга жеттик" деген маанини туюндурат. Ал эми астындагы Novus Ordo Sectorum деген сөз "жаңы дүйнөлүк тартип" америкалык доордун башталышынын символу. Эң эле таңкалтырганы, банкноттун эни туптуура 66,6 милиметр экени. Библия боюнча 666 саны Тажалдын тамгасы. Көк кагазды таратуучулардын айтуусуна караганда, доллардагы көз Тажалдын көзү. Ал эми пирамида түбөлүк кулдуктун символу, жана көз баарын көрүп, башкарып турган массондук элита. Көз "мен Кудаймын, мен баарын көрүп турам, ааламдын кожоюнумун, баардыгы мага багынууга тийиш" деген белги. Пирамида курулушунун бүтпөгөн иреге ташы АКШнын өмүрү бүтпөгөн баскынчылык аракети. АКШ мамлекети биз сөз кылып жаткан тамганын сырын мындайча түшүндүрөт.

Пирамида мамлекеттик курулуштун бекемдигинин символу, бийикке умтулуусу, 13 катардан турган кирпич АКШнын негизин кураган алгачкы он үч штаты болуп эсептелет. Пирамиданын бүтпөй калганы АКШ мамлекетинин бийиктеп өнүп-өсүп баратканын көрсөтөт. Үч бурчтуктун ичиндеги көз материалдык дүйнөдөн жогору турган руханий дүйнөнү жана баарын көрүп турган кудайлык күч экенин билдирет. Бир доллар купюрадагы жалгыз көз сүрөттү АКШнын президенти Рузвельт койдурган. Бирок, сүрөттү ал ойлоп тапкан эмес, ал АКШнын чоң мамлекеттик мөөрүнүн каршы бетинде мурдатан бар тамга болчу. Бир кызыгы, Украинанын жаңы улуттук валютасы 500 гривендик банкнотунда да үч бурчтук көз жана анын жанында Киев Могилян академиясынын имараттынын сүрөтү түшүрүлгөн. Ой жүгүртүүчүлөр бул "Киев Могилян академиясынын имараты массондук окуу жайыбы же Украина экономикасы массондордун байкоосундабы?" деп баш катырууда.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ номер биринчи супер державага айланганы белгилүү. Кыйраган Европага жашыл кагаздуу долларлар Батыштын башкы валютасына айланды. Ал эми бүгүнкү оор кризис дүйнөнү кучагына алган кезде доллар ого бетер көтөрүлүп, муштумдай түйүлүп, үстөмдүк кылып турганы айтпасак да түшүнүктүү. Ошентип көзгө көрүнбөгөн АКШнын жашыл кагазы дүйнөнү доллардын кулуна айландырып, өздөрүнө көз каранды кылып койду. Бүт дүйнө элинин каржы маселеси долларга келип такалат. Себеби, жер бетиндеги баардык элдин экономикасы АКШ валютасынын курсунан көз каранды. Кара алтын, нефти доллар менен гана байланып сатылат. Эл аралык соода-сатыктын баары доллар менен өлчөнөт, кыскасы, дүйнө эли доллардын кожоюндарына кызмат этүүдө. Каржы жөнүндөгү байкоочулардын болжолунда, АКШ долларынын башына чындап күн түшсө, ага Россия менен Кытай же Түштүк Корея гана туруштук берүүсү мүмкүн (!) деп эсептешет эксперттер. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер