Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Сүйүнбек Касмамбетов эң оор учурда Садыр Жапаровго чоң күч берди”

Турсунбек Акун: “Сүйүнбек Касмамбетов эң оор учурда Садыр Жапаровго чоң күч берди”

23-октябрь, 11:27
584 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек агай, өкмөттүн курамы тууралуу түрдүү пикирлер айтылууда. Өкмөт купулуңузга толдубу?

-- Улукбек Мариповдун өкмөтү келгенде мен биринчилерден болуп сындагам. “Мариповдун ордуна революцияга катышкан, кыйынчылыкты көргөн, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен чогуу жүргөн, экономиканы түшүнгөн, кризис-менеджери болгон адам өкмөт башына келсе болмок” деген пикиримди айткам. Себеби, Марипов президенттердин жардамчысы болуп, жылуу кабинеттерде иштеп, өзүн лидер катары көрсөткөн эмес. Ошондуктан, анын ал жооптуу кызматка келгенин туура көргөн эмесмин. Чынында өткөөл мезгилде андай эмес, кризис-менеджерине басым коюшубуз керек эле. Мариповду кызматка койгону менен экономиканы көтөрүп кете алган жок, тапшырманы да Мариповдун өкмөтү жарытылуу аткара албады. “Жаңы өкмөт периштедей, баары ойдогудай” деп айтуудан алысмын. Бирок, башка өкмөттөргө салыштырмалуу техникалык эмес, бир топ жылга иштей турган туруктуу өкмөт келди. Жаш курагы, билим деңгээли мурдагы өкмөттөрдөн жогорураак болду. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду канча сындасак да кызматка татыктуу. Ал күчтүү экономист, күчтүү финансист. Бир нече жолу финансы, экономика министри, бир канча жолу депутат болду. Эки ирет премьер-министрдин орун басары болду. Ошондуктан, Акылбек Жапаров премьер-министрликке такшалып, бышып калган мамлекеттик кызматкер. Өткөөл маалда кризис-менеджер катары ишти алып кете алат. Ошондой эле макро, микроэкономиканы, экономиканын динамикасын билет. Кыскасы, Акылбек Жапаровдун өкмөтү оор кырдаалга туура келди. Жаңы өкмөттү курап, президент туура кадамдарга барды. Мени кубантканы: жаңы өкмөттүн арасында илимге, билимге сугарылган жаштар бар. Юстиция министри Аяз Баетов илимдин доктору, көп тилде эркин сүйлөгөн, чет мамлекеттен окуп келген жигит. Азамат Жаманкулов кайра маданият министри болуп келди. Кайрат Иманалиев көнгөн КТРКга барды. Арзыбек Кожошев да күчтүү финансист. Азиз Алиев деген вице-премьер бар, бул дагы күчтүү финансист. Азыркы өкмөткө күчтүү финансисттер көп келди. Буюрса, өкмөттүн ушул курамы ишти жакшы алып кетет. Болгону гендердик жактан гана аксап калды. Анткени, өкмөт мүчөлөрүнүн арасында бир гана аял бар. Башкасынын баары эркек болуп калды. 

Ошентсе да, бул өкмөт амбициялуу тапшырмаларды алдына койду. Кыргызстандын бюджетин 400 миллиардга жеткиребиз деди. Бул өкмөт президенттин аброюн көтөрүп, жакшы иштеп берет, же ишенимди актай албай, президентти катуу уятка калтырат. Ошондуктан бүт жоопкерчиликти алып, күнү-түнү иштеши керек. 

-Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп дайындалар замат элге жек көрүнгөн лидерлерди шайлоодо добуш бербей, люстрация кылгыла деген демилге менен чыкты. Анын көтөргөн маселеси орундуубу? 

-- Мамлекеттик катчы кызматка бекир замат элге телевидение аркылуу кайрылуу жасады. “28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоодо ичкен, жеген, элге жек көрүнгөн чиновниктерден, элдин казынасына кол салган, күлкүгө калган, жаманатты болгон талапкерлерге добуш бербей эле койгула. Парламентке эл үчүн кызмат кыла турган адамдар келсин. Азыр XXI кылым. Ошон үчүн эл жек көргөн адамдарды кырга коюп атып сала албайбыз. Шайлоодо добуш бербей, ишеним көрсөтпөй койсоңор, өзү эле саясаттан четтеп калат” деген жакшы сунушун айтты. Мамлекеттик катчынын бул демилгесин баарыбыз колдошубуз керек. Анткени, элдин ырыскысына кол салгандарга шайлоочулар добуш бербей койсо эле депутат боло албай, саясаттан четтеп калат. Ошондуктан, эл өз добушун эч кимге сатпай, өзү каалаган таза акыйкат адамга берсе, мурдагылар өзүнөн өзү саясаттан кетүүгө аргасыз болот. 

-- Турсунбек агай, таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча улуттук кампания баштапсыңар. Бул долбоор мурунку шайлоого мониторинг жүргүзгөн долбооруңуздун уландысыбы же башкабы?

-- Биз былтыркы долбоорду улантып, быйыл Кыргызстанда таза, акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча улуттук кампания менен чыгып жатабыз. Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстанда административдик ресурс колдонулбасын, добуш сатып алуу болбосун, шайлоочуларга партия, лидерлери жана чиновниктер тарабынан кысым болбосун (!) деген максатта иш алып бара баштадык. Кыскасы, шайлоодо ким мыйзам бузса, ошону коомчулукка жар салабыз. Бул кампания жеке менин каалоом менен түзүлгөн жок. Катарыбызда бир топ абройлуу адамдар бар. Алар эксперт болушту. Кыскасы, бир канча адамдар мүчө болуп, мени долбоордун жетекчиси кылып шайлашты. БШКнын төрайымына долбоорду презентация кылдык. Буюрса, БШК менен бирдикте кызматташа турган болдук. Мына ушул долбоордун негизинде курултай өткөргөн партияларды мыйзам бузуу болгон-болбогонун иликтеген мониторинг жүргүздүк. Партиялардын съездине чыгып сүйлөп, долбоорду презентация кылдык. Буюрса, шайлоого катышам деген партиялардын лидерлерин чакырып сүйлөшкөнү жатабыз. “Улуттар аралык жаңжалга, бири-бирин жамандоого жол бербейли” деген келишим түзүп, “таза, акыйкат шайлоо боюнча макулдашып алалы” деп жатабыз. Буюрса, мамлекетти сыйлаган, ою таза, мыйзамды баарынан жогору койгон патриот партиялардын лидерлери баары келип, келишимге кол коёт деген чоң үмүттөбүз. Биздин эң негизги мүдөөбүз – шайлоонун эртеси калайман болбосун, шайлоо таза өтсүн (!) деген максатта иш алып барабыз. Ошондуктан таза шайлоого үндөп, үгүт кербенин уюштуруп, 7 облусту кыдырып чыгабыз. 

-- Жогоруда мамлекеттик катчынын демилгеси тууралуу айттыңыз. Мамлекеттик катчылык кызматка татыктуу адам келдиби, ал азыркы талапка жооп бере алабы?

-Мен Сүйүнбек Касмамбетовду студент кезден бери жакшы билем. Улуттук университеттин тарых факультетин аяктаган. Армиядан медаль алып келген экен. Кийин студенттердин отрядынын командири болгон, бизге үлгү болгон жигиттерден эле. Баардык жыйындарда студенттердин атынан сүйлөчү. Жакшы окуганы үчүн Лениндик стипендиант, Кыргызстандагы белгилүү студент болчу. “Студенттик жаз” фестивалдарында комуз чертип ырдап, күү созчу. Экөөбүз эки башка окуу жайда окуганыбыз менен көп жерден жолугуп калчубуз. Манасчынын баласы болгондуктанбы, кадимки төкмө акындар сыяктуу жамактап ырдаган да өнөрү бар. Кабинетте кээде комуз чертип экөөбүз айтышып ырдап алчубуз. Сүйүнбек Касмамбетов кыргыздын каада-салтынан руханий азык алган адам. Ал Жогорку Кеңеште 40 жылдан ашык иштеди. 2000-жылы президенттикке талапкерлигибизди койгондо Ала-Тоодон чыккан алтообузга арнап ыр чыгарып, баарыбызды кубанычка бөлөгөн. 

Өткөөл мезгилде дагы президенттин башчысы болуп, татыктуу иш алып барды. Садыр Жапаровго эң оор учурда иштешип, чоң күч берди.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер