Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов, экс-элчи: “Биздин бийликке карата АКШ олуттуу эскертме берди”

Мамбетжунус Абылов, экс-элчи: “Биздин бийликке карата АКШ олуттуу эскертме берди”

08-февраль, 09:59
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус Абылович, АКШ бизге карата киргизген визалык чектөөлөр боюнча көз карашыңыз кандай?

-- Бул жерде эки фактор бар: биринчиси, өзүбүздөн кетип жаткан шалаакылыктан болууда. Америкалыктар Кыргызстандын паспортун аргумент кылып атышпайбы. Алардын аргументи жүйөлүү. Себеби, мурдагы бийликтер Кыргызстандын паспортун туш келди сата беришкен. Бизге эч тийешеси жок адамдар кыргыз паспорту менен жүрүшөт. Бирок, колунда Кыргызстандын паспорту болгондон кийин алар чет элде Кыргызстандын жараны катары эсептелет да. Ал паспорт террористтердин колуна, контрабандисттердин колуна да тийиши мүмкүн. Америка “кирбесин” деп чектеп жаткан мамлекеттер бар да. Ошол чек коюлгандар да Кыргызстандын паспортун сатып алып эле кирип кетип атышат. Ошондуктан, булар аябай маданияттуу түрдө “силер биометрикалык маалыматтарды киргизбесеңер мунуңарды токтото албайсыңар, биз азырынча грин кардга жана иммиграциялык визага чек коёлу” деген ишараны түшүндүрүп жатышат. Бул “кыргызстандыктарды такыр эле киргизбей коёлу” деген маселе эмес. АКШга биздин жарандар жумушчу, туристтик, студенттик визалар менен барса боло берет. Андыктан, кыргызстандыктар үчүн эч кандай дискриминация жок. Мунун ушундай түшүнүш керек. 

-- Бул чара канчага созулат деп ойлойсуз?

-- Биз паспорт сатканды токтотпосок, мындан да оор акыбалга түшүп калышыбыз мүмкүн. Бул биздин бийликке жасалган олуттуу эскертме. Өзгөчө мамлекеттик каттоо кызматынын ишин жолго салбаса болбойт. Кечээ жакында өткөн коопсуздук кеңешинин отурумунда президент прокуратура менен соттун өкүлдөрүн “Насирбек Алмаматовду силер бошотуп ийгенсиңер” деп тилдеди. МККнын мурдагы жетекчиси Алина Шайыкова да шектүү тендерлерге аралашып алып, качып жүрөт. Мамлекеттик каттоо кызматы ушунчалык жаман түзүмгө айланып калган да. Адам ооруп калса деле “айыгып калам” деп дары ичпей жүрө берет. Ал эми паспортуң жок болсо, эч жакка чыга албай калып атпайсыңбы. Барып, айткан акчасын төлөп аласың. Ошону түшүнүп алып, булар паспортту бизнеске айланып алышты. Канча жолу паспорт алмашылды? Ар бир алмашканы акча. Саймаити дегендердин баары Кыргызстандын паспортун сатып алышкандар. Кыргыз паспорту бар кытайлыктар топ-тобу менен колго түшкөндөрүн ЖМКлар жазып атышат. Эмне үчүн биздин өкмөт бир чара көрбөйт? Мен ушуга таңкалам. Паспорт – бул юридикалык документ, күбөлүк да. Атамбаев көрүнгөнгө тапанча саткандай эле мамлекеттик каттоо кызматы паспорт сатып атат. Катуу чара көрүп, катуу жаза берилбесе бул токтобойт. Ошондуктан, АКШнын жасаган кадамын, чарасын мен туура эле деп эсептейм. Хотя, бул Кыргызстандын бетине көө жапкан, биздин жарандар үчүн иштегенге, бизнес жасаганга жолтоо болчу нерсе. АКШнын Кыргызстандагы элчиси абдан тажрыйбалуу дипломат да, биздин ТИМге абдан маданияттуу түрдө, деликатно маалымат берип койду. 

-- “Ары жагын өзүңөр түшүнүп алгыла” деген кыяздабы?

-- Ооба. “Паспортуңардын айынан биз ушуга барып атабыз” дегенге алып келди да. 


Азат Тектирчиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер