Султан Раев менен Садык Шер-Нияз алаасын булгаган Рысбайдын абийирин жаба алыштыбы?
Төртүнчү Көчмөндөр оюндарын утурлай Бурса шаарында ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Манас айтуу уюштурулду. КР президентинин колдоосу менен барган Рысбай Исаков беш күн Манас айтып, “Гиннес” китебине каттала турганы божомолдонуптур. Эки күн өткөндө анан башталды. Чаалыктыбы, булдуруктап барып транска кирдиби, айтор, Манастын буга чейин бизге белгисиз Нурбек деген чоросу болгонун жана дагы бир топ тарыхый фактыларды тантырай бурмалап айта баштады.
Аңгыча астынан суу чыгып, Рысбай “селт” этип артка жыла берип, эсине келе түшүп, жанындагылар астын кургактаган соң улантып, добулбастын үнү башын оорутуп атканын эпос саптарына кошуп, ар нерсени чулдурап жатып, бир маалда ак шейшеп жамынып, ары карай көзү жумулуп да кетти. Бирок эс ала албады окшойт. Уйку-соо ортосунан улам тынып, байланышсыз ар нерсени башын чалып, улантып жатты. “Токтотолу” деген жан жок.
Ал аңгыча манасчынын кейпи, жаңы ачылыштары боюнча ызы-чуу башталды. Бул жааттагы мыктылар гана арбактар менен байланышып, транска кире аларын айтышып, Рысбайды колдогондор да четтен чыгышты. “Астынан суу чыктыбы, сийип ийдиби, не балээ болуп кетти?” дегендерге “ой, ал транска киргендин далили, андайда сиймек турмак чычып ийиши да мүмкүн” деп ооздорун чоюп жатышты. “Ой, бул манасчы эмес, жаттама”, “филфакты 9 жыл окуган”, “ай табарсыгы бош тура”, “жо-ок, стакандагы суусун эле алаасына төгүп алды” дегендердин сөзүн уккан адам болгон жок.
“Саяпкерлик” таризде алып барган Султан Раев менен күйөрмандыкты аркалап, бозүйдү айлана уктабай жүргөн Садык Шер-Нияз манасчыны колдоп чыгышып, Бурса менен Фейсбуктагы элди тынчытууга далбасташты. Бирок быяктагы көпчүлүктүн дымып калчудай түрү жок. Манаска мындай мамиле кылгандарды тытып жечүдөй болуп туру.
Сыягы, Баткендеги каргашадан эл алаксып, бири-бирин “кетсин” дегендер, кууп-сүрүшчүлөр убактылуу болсо да унутулду. Айтор, бул жагынан Рысбай ишке жарады, эмки сыйлык “Манас” орденин берип жебирешпесе болду. Туй ата!..
"Азия Ньюс" гезити