Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Саидов: «Бийлик курамында энергетика тармагын өнүктүрө турган күчтүү менеджер жок»

Медербек Саидов: «Бийлик курамында энергетика тармагын өнүктүрө турган күчтүү менеджер жок»

12-октябрь, 13:19
1 557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев «кышкысын электр энергиясына болгон тартыштык жаралбайт, авариялык учурлар катталбаса эле веердик өчүрүүлөр орун албайт» деп айткан. Министр болуп туруп калп айтканбы же чыныгы кырдаалды билген эмеспи? 

-- Биринчиден, электр энергиясына болгон кризис Садыр Жапаров бийликке келгенде эле келип чыккан жок. Бул тармакта болгон көйгөйлөр акыркы 10 жыл ичинде катуу байкалып жаткан, бирок, бийлик элдин маанайына карап аракет жасап келет жана көп нерсени жашырып коёт. Албетте, министр Доскул Бекмурзаев саясый орунда болгону үчүн жогорку тарап менен биринчи эсептешет, абал начар экенин алдын ала билген менен элди алаксытуу же саясый туруктуулукту сактоонун негизинде калп айткан. Себеби электр энергиясына болгон бааны көтөрүүгө эл нааразы болмок. Бирок, чынында биздин электр энергия тармагыбыз өтө оор абалда. Анын себеби бир жагынан 135 млрд. сом карызы бар, экинчи жагынан кургакчылыктын кесепетинен Токтогул сактагычына суунун аз келгени негизги себеп.

-- Ошол эле министр электр энергиясындагы көйгөйлөрдү чечүүнү элге жүктөбөш керек (!) дегени менен веердик өчүрүүлөрдөн, тарифтин жогорулашынан элге кыйынчылык жаралат да? 

 -- Негизи элди электр тармагында эмне болгон көйгөйлөр бар экени кызыктырбайт. Эң негизгиси свет, жарык жана жылуулук болсо болгону. Ошону менен катар светтин баасынын туруктуулугу маанилүү. Албетте, азыркы социалдык жана финансылык оор абалда, азык-түлүктүн баасынын кымбаттоосу менен катар электр энергиянын наркы дагы өссө, коомдук нааразычык жаралбай койбойт. Бул көрүнүш саясый туруктуулукка жарака келтирет. Менимче, бийлик кеминде эки жыл аралыгында баа саясатын туруктуу кармап, электр энергияны өндүрүүнүн башка жолдорун издеши кажет. Кийинки жылы дагы учурдагыдай тартыштыкты болтурбоо үчүн маселени альтернативдүү жолдор менен чечүү маанилүү. Ошондой эле каатчылыктан чыгуунун бир жолу катары – тез арада Камбар-Ата ГЭСине инвестор тартуусу шарт. 

-- «Мекенчил» партиясы шайлоо алдында «электр энергиясын арзандатабыз» деген лозунгдарды колдонушканы белгилүү. Азыр ал партиядагылардын басымдуусу жогорку бийликте отурушат, бирок кырдаал тетири жагына өнүгүүдө...

-- Мен жакында эле «Мекенчил» партиясынын лидеринин бири, ушул таптагы Кыргызстандын АКШдагы ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаевдин былтыр октябрь айындагы агитация учурунда айткандарын карап чыктым. Анда Аманбаев электр энергияга болгон тарифтер боюнча айтканы бар экен. Аманбаев «2 сом 16 тыйындык кВт/саат үчүн бир жылда 100 млн. доллар уурдалат» деп белгилептир. Сиз айткандай, «мекенчилдердин» көбү азыр бийликте отурушат, бирок дагы деле былтыркы чектөөлөрдүн алынганын уккан да, көргөн да жокпуз. Ошондо Аманбаевдин логикасына таянсак, азыр деле 100 млн. доллар уурдалып жаткан болобу? Албетте, мунун баары бийликке эптеп жетүүнүн жолун көздөп, популисттик аракеттерге барганы, далили. Реалдуу көйгөйлөрдү өздөрү дагы билишпей, элдин башын айландырышкан. Мындай популисттик ураандар ар бир шайлоодо болуп келет, мүдөөсү аткарылган соң аларды бат эле унутушат. Бул үчүн эч ким жоопкерчилик тартпайт. Эл ар бир шайлоодон кийин жанагы «Алтын балыктагы» тешик тепшиси менен калган кемпир-чалга окшош абалда кала берет. 

Негизи бул тармакты өнүктүрүүдө күчтүү менеджер керек. Менимче, андай кадр азыркы бийликтин курамында жок (!) деп ойлойм. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер