Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: «Талант Мамытов «октябрдагы окуяны биз тынчытканбыз» деп мактанууда»

Исхак Масалиев: «Талант Мамытов «октябрдагы окуяны биз тынчытканбыз» деп мактанууда»

10-сентябрь, 17:34
1 657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Спикер Талант Мамытов «былтыркы октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңеш өлкөгө стабилдүүлүктү алып келүүдө негизги ролду ойногон» деп айтты, чынында парламенттин ролу кандай болгон?

-- Мен бул пикирге кошулбайм. Парламент мыйзамсыз өзүнүн мөөнөтүн узартып койду. Мыйзамсыз айлыктарды алды, ыраатсыз иштеп жатат. Ошондуктан башаламандыкка Жогорку Кеңеш, депутаттар эч кандай тоскоолдук кылып, стабилдүүлүктү алып келген эмес. Экинчиден, былтыр октябрда элге коркунуч жок болчу, аянтка он-он беш миң адам топтолгон, анда тополоң болуп, массалык кан төгүүлөр болгон эмес. Мындан улам, Талант Мамытовдун «октябрдагы окуяны биз тынчытканбыз» дегенин мактануу катары кабыл алсак болот. Чынында алар эч кимди тынчыткан эмес. Катышуучулардын жарымын камап, айрымдарын «ушул окуяга күнөөлүүсүңөр» деп качырып жиберип, анан аны стабилдүүлүк десе, анда мен аны түшүнбөйм. 

-- Депутаттардын ыйгарым укугу кыскарганына карабай, Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын саны эмнеге мурдагыдан да көп?

-- Балким, бизнесмендерге депутаттардын ыйгарым укуктары азайгандай көрүнөт, бирок бул андай эмес. Эң негизгиси, бул парламенттин Конституцияны өзгөрткөнгө укугу бар. Парламентке татыктуу жигит-кыздарыбыз келсе, алар Конституцияны дал келтиргенге аракет жасаса болот. Ушуга окшогон толгон-токой мүмкүнчүлүктөр арбын. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер