Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоң-Алай районунуна өзгөчө статус берүү жана өнүктүрүүнүн жолдору

Чоң-Алай районунуна өзгөчө статус берүү жана өнүктүрүүнүн жолдору

13-июль, 12:58
3 590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чоң-Алайдын географиялык өзгөчөлүктөрү жана табигый шарттары

Чоң-Алай району Кыргыз Республикасынын түштүк-батышындагы борбордон эң алыскы аймакта жайгашкан райондордун бири. Территориясы 4860 км/кв. Ош облусунун жалпы аймагынын 16,6%ын түзөт. Райондун аймагынын 81,1%ын тоолор, 18,26%ын өрөөндөр же түз жерлер ээлейт. Калктын эсеби 34 миң адам, жыштыгы – 1 км/кв.га 4-5 адам туура келет.

Калктын жашоосуна терс таасирин тийгизүүчү маанилүү, объективдүү факторлор катары жаратылыш кырсыктарын айтсак: жер титирөөлөр, жер же кар көчкү, сел, суу ташкындоо, калың кардын жаашы. Бул кырсыктар Чоң-Алай районунда мезгил-мезгили менен болуп турат. Жогоруда айтылган табигый кырсыктар кээ бир учурларда адам өмүрүнө, ден соолугуна залака тийгизсе, кээде айлана-чөйрөнү бузуп, материалдык жоготууларга учуратып, турмуш-тиричиликке зор кесепет алып келет. Ушулардын ичинен эң эле коркунучтуусу албетте жер титирөө. Чон-Алай району түштүктөгү райондордун ичинен сейсмикалык жактан эң кооптуу деп эсептелет, себеби 9 баллдан жогору жер титирөөлөр болуусу ыктымал. Райондун аймагы 2 зонага бөлүнөт: 1 даражадагы кооптуу зонада 9 баллдан жогору жер титирөө болуусу мүмкүн болгон аймак райондун территориясынын 54,5%ына барабар (Заалай тоо кыркаларынын түндүк тарабы), экинчи зона 9 баллдын тегерегинде болчу райондун территориясынын 33,8%ына барабар (Кызыл-Суу дарыясынын оң жээгинде, Алай тоо кыркаларынын түштүк тарабы) аймак. 2017-жылкы 7 баллга жеткен катуу жер титирөө адам өмүрүн алып кетпесе да, залакасы чоң болуп, 600дөн ашуун үй, социалдык объектилер кыйрап же авариялык абалга келген.


Чоң-Алайдын социалдык-экономикалык абалы

Чон-Алай районунун калкы негизинен (80%га чейин) айыл чарба багытында, өзгөчө малчылык менен алектенип, 60%ы турмуштук каражаттарын, кирешелерин мал сатуу менен таап келет. Бирок райондо айыл чарбаны (малчылык, дыйканчылык) өнүктүрүүгө чечилбеген комплекстүү маселелер тоскоол болууда. Мисалы, иштеп жаткан өндүрүш жокко эсе (ири деп эсептелген «Кайди» алтын кен заводунан башка), кайра иштетүүчү ишканалардын аздыгы, пайда болгон өндүрүмдөрдү сатуу багыттарынын жана базардын чектелүүлүгү. Фермерлердин, өндүрүүнү жолго коём деген ишкерлердин өздүк каражаттарынын тартыштыгы же насыя алуу жагынан кыйынчылыктары (үстөк пайыздын жогору болушу), малдарды асылдандыруунун (эт, сүт жүн өндүрүүдө) калыптанбагандыгы (саны бар, сапаты жок акыбал). 

Айыл жеринде жумушсуздук жогорулап, бюджеттик мекемелерде айлыктардын төмөндүгү, жеке ишкерликке каражаттын тартыштыгы, инфраструктуралык түзүмдөрдүн жетишпестиги, жер шартынын катаалдыгы, жаштардын максатына шайкеш иш орундарынын жоктугу – ушулардын баары ишке жарамдуу калктын убактылуу же болбосо биротоло көчүп кетүүлөрүнө шарт түзүп жатат. Ооба, бир чети мындай акыбал Кыргызстандын башка элет жерлеринде да бар, бирок бул жерде кошуна мамлекеттер менен чыр-чатакка, же олуттуу жаңжалга жеткен айрым чек ара аймактарда жеке өмүрүнө, жеке менчигине, тынч жашоосуна кооптуу тобокелчилик алып келген жагдайлар өзгөчө эске алынып, өзүнчө каралышы абзел. 

Биринчиден, Чон-Алай районунун жалпы калкынын негизин мекемеде иштеп, демек, туруктуу айлык алган адамдар эмес, сезондуу иштеп, майда чарбачылык аркылуу турмушка каражат тапкан катмар түзөт. Экинчиден, малчылык, дыйканчылыктан тышкары каражат табуу мүмкүнчүлүк (сооданы эсептебегенде) дээрлик жокко эсе. Үчүнчүдөн, калктын көчүп-конуу (миграциялык) агымы расмий так, даана статистикага туура келбейт. Төртүнчүдөн, кантсе да калк өсүп, ошону менен мал-жан көбөйүп, бирок ошого жараша жетишерлик жер-суу, жайыт ресурстары чектелип барат. 


Чоң-Алай менен Тажикстандын чектешкен аймактары

Чоң-Алайга чектешкен Тажикстандын эки районунун бири – мурдагы Жергетал, азыркы учурда тажикче Лахш, республикалык (борбордук) баш ийүүдөгү район болуп эсептелет. Себеби райондун борбору – Жергеталдан өлкөнүн борбору Душанбеге чейин болгону 280 километр. Калкынын саны 70 миңдин тегерегинде. 

Ага салыштырмалуу Чоң-Алайда болгону 34 миңдин тегерегинде адам жашаса, Жергеталда калктын саны эки эсе көбүрөөк. Райондо этникалык кыргыздар көп болгону менен реалдуу күч жана административдик-укуктук жагынан тажик улутундагылар басымдуу роль ойнойт, өлкө борбору Душанбеге жакындык да өз таасирин берет. Чек арада абал курчуп кетсе, тажик тарап аскердик-күжүрмөн даярдык көрүп (оор аскер техникаларды жайгаштыруу), активдүү аракетке өтчү болсо, бул факторду эске албай коюуга мүмкүн эмес. Буга кошумча жол-коммуникациялык шарттар, анын сапаты да Жергетал районунда жакшы деңгээлде. 

Экинчи районду айта кетсек, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Мургаб району да Чоң-Алай менен чектешип турат. Район борбору Мургаб шаарчасы Бадахшандын борбору Хорогдон 230 километр, өлкө борбору Душанбеден 470 километр алыстыкта жайгашкан. Аймагы боюнча Тоолуу Бадахшандын эң ири району, жалпы Тажикстан боюнча да чоң район болуп эсептелет. Мургабдын калкынын саны 15 миңдин тегерегинде, дээрлик көпчүлүгү этникалык кыргыздар. 

Чоң-Алай району менен Алтын-Мазар багыты боюнча чектешип турган Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда социалдык-экономикалык акыбал жакшы эмес. Аймакта өнөр жай дээрлик жокко эсе, айыл чарба табигый шарттардан (дыйканчылыкка жарамсыз) өнүккөн эмес, абдан чоң аймакта 200 миңден көбүрөөк калк жайгашып, адам жыштыгы өтө төмөн, жарандык согуш маалында Тажикстандын башка аймактарынан 40 миндей памирликтер көчүп келген, жумушсуздук маселеси курч, борбордон өтө алыс жайгашкан, Афганистан менен узун чек ара аркылуу чектешкендиктен, ушулардын баары жергиликтүү калктын баңгизат бизнесине тартылып, тиричилик кылып калуусуна шарт түзгөн. 

Тажикстандын бул регионунда азыркы күнү расмий бийликтин саясаты жүрүп өтүмдүү болуп жатканы менен коомдук-саясый абалга таасир этчү бейрасмий күчтөр бар. Айрыкча Афганистан менен баңгизат ташууга, тыгыз соода алака түзүүгө, адамдарды жана курал-жаракты аткезчилик менен ташып өтүүлөргө көнүп, иш алып барган топтордун таасири күчтүү. Бул дагы Кыргызстан үчүн Чон-Алай району тууралуу ойлонуп, тыкыр көз салып турчу жагдайлардан. 


Чоң-Алайдагы коопсуздук жаатындагы маселелер

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Баткендегидей чатак, жаңжалдар көп болбогону менен жок деп айтууга да болбойт. Акыркы эле жылдарды алсак, 2014-жылдын август айында тажик чек ара наряды чоңалайлык үч атчан адамды кармоого аракет кылып, ок атып, бир киши каза болуп, экөө кармалып, кийин бошотулган. 2015-жылы «Карамык» чек ара бекетинин жоокери куралы менен чек арада жоголуп кетип, ушу кезге чейин дайыны жок. Биздин чек арачыларга жардам берип жүргөн, мергенчилик да жөнү бар Кара-Тейит айылынын тургуну да чек ара тилкесинде тажик тараптын чек арачыларынын огунан каза тапкан. Ушул эле 2021-жылдын май айында Карамык айылынын тургуну кармалып, сурамжылоодон кийин коё берилген. Мал-жандык тажик тарапка өтүп кетип, кайтарылбай жок болуп кеткен учурлар да көп кездешип жатат. 

Регионалдык коопсуздук жактан алганда, Чон-Алайдын эң четки Кара-Тейит, Карамык айылдарынан (демек Кыргызстандан) Тажикстан-Афганистан чек арасындагы Калаихум жергесине 420 километр (тоолор аркылуу түз санаса 300 км көбүрөөк) же 6-7 сааттык жакындыкта экендигин, Тажикстандагы Вахан коридору аркылуу Пакистанга да жакын турганын Кыргызстан мамлекетибиз үчүн да кооптуу фактор катары эсептешибиз керек. 

Өзгөчө белгилей кетчү  наркотрафик жагдайы боюнча да айтпасак болбойт. Бүгүнкү күнгө баңгизаттарынын, тагыраагы, дүйнөдө героин ташуунун 4/3 бөлүгүн Афганистандан, анын ичинде 14 пайыздан 25 пайызга чейинкиси айрыкча «түндүк маршрут» (Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан) аркылуу ташылып жатканы маалым. Эксперттердин баамында, «түндүк маршрут» негизинен баңгизаттарды Борбор Азия жана Россия базарына жеткирүү үчүн пайдаланылып жатат. Баңгизат трафиги Афганистанга жакын, андыктан транзит үчүн ыңгайлуу болгон Кыргызстан мамлекетибизге кооптуу жагдайларды, жаман көрүнүштөрдү алып келүүдө. Криминалдык абалга терс таасир берип, калкты баңги пайдаланууга азгырып, чек ара аралык (транс) баңгизат бизнесин күчөтүп, өкүнүчтүүсү, чек ара аймакта жашаган жергиликтүү калктын кооптуу, опурталдуу ишке тартылып кетүүсүнө шарт түзбөй койбойт. 

Жоюлуп кеткен баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын 2012-жылдагы аналитикалык маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасынын аймагына Афганистандан Тажикстан аркылуу баңгизаттар 4 маршрутта ташылып жүрөт: 1) Алтын-Мазар багыты, афган-тажик чек арасындагы Тоолуу Бадахшанда жайгашкан Рушан бөксө тоолорунан Памир жана Заалай тоо кыркаларындагы кууш капчыгай, жолдор менен Чоң-Алай өрөөнүнө түшүп, Ош шаарына жеткизүү; 2) Кызыл-Арт багыты, афган-тажик чек арасынан Тоолуу Бадахшандын Мургаб жергеси аркылуу Хорог–Ош трассасына чыгып Ош шаарына жеткирүү; мындан тышкары Баткен жана Согду багыттары да бар.

Азыркы учурда глобалдык деңгээлде өзгөрүүлөр болуп, дүйнөлүк аренада абал тез кубулуп турган заманда, биз жашаган Борбор Азия чөлкөмүнө Афганистандагы окуялар өз таасирин берип, бул тенденция курчуп баратат. АКШнын, аны менен кошо Батыш коалициясынын аскерлери кыска убакыттын ичинде (ушу жылдын 1-сентябрына чейин) бул өлкөдөн толук чыгып кетүүсү да чукул өзгөрүүлөргө алып келди. Кээ бир мамлекеттерде террористтик деп сыпатталган «Талибан» кыймылы Афганистанда бийликти толук ээлеш мүмкүндүгүн эч ким жокко чыгаралбай турган учур. Бул кыймылдын согуштук аракеттери азыр Тажикстан, Өзбекстандын чек араларына жакын аймактарда да байкалып жатат. 22-июнда «Талибан» согушкерлери Тажикстан–Афганистан чек арасындагы зор мааниси бар «Шерхан-Бандар» өткөрмө пунктун басып алышты (Чоң-Алайдан 500 км же 8-9 сааттык жол аралыгында).

Башкасын айтпаганда да, бир өзгөчө көңүл бурчу жагдайга назарга салып коюшубуз керек – бул Баткендеги кыргыз-тажик кагылышуусу сүйлөшүү жолуна түшөр замат «Талибан» кыймылынын эки тарапка расмий билдирүү менен кайрылышы. Кыргыз-тажик тараптарынын тынчтыкка жетишишин кубаттаганы менен «Талибандын» Афганистандын ички саясатынан чыгып, Борбор Азия чөлкөмүнө, мурдагы совет республикаларынын ортосундагы мамилелерге назарын буруп, реакция кылганы жаңылык болду жана алдыда күтүлүүчү көп жагдайлардын коңгуроосун какты. Жакын арада АКШнын коргоо министрлиги Афганистандан батыш аскерлери чыгарылгандан кийинки эки жыл аралыгында «Аль-Каида» террористтик тобу кайра жанданып күчөшү мүмкүн экенин кабарлап өткөнүн да эске алып коёлу.


Чоң-Алайдагы мекенибиздин өнүгүүсүнө өбөлгө түзчү жагдайлар

Чоң-Алай району мамлекетибиз үчүн кооптуу жагдайларды гана түзгөн эмес, чектешип турган Тажикстан менен алакаларда саясый да, экономикалык да стратегиялуу утушту алып келчү, деги эле Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын аброюн, маанисин, ордун көтөрчү жагдайлар да бар экенин көңүлгө албасак болбойт. Бул райондун геосаясый, геоэкономикалык жактан ыңгайлуу жайгашуусунан улам транспорттук-коммуникациялык шарттары көп. Чоң-Алай району аркылуу:

  1. Бириккен Улуттар Уюмунун ЭСКАТО программасына кирген коридор 5: Үрүмчү–Кашгар–Эркештам–Сары-Таш–Карамык–Жергетал–Душанбе–Сариосие–Термез (Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан) жол коридору; 
  2. Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык каржы институттары каржылаган ЦАРЭС (Борбор Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык) программасынын коридору;
  3. Россия–Семей–Алматы–Бишкек–Ош–Сары-Таш–Карамык–Тажикстан–Афганистан–Иран–Перс булуңунун порттору коридору;
  4. Европа биримдиги демилгелеген Трасека програмасынын: Пули–Кумри–Нижний Пяндж–Душанбе–Жергетал–Карамык–Сары-Таш–Ош–Бишкек–Кордай (Батыш Европа–Батыш Кытай) коридорлору өтүп турат;
  5. Кытай–Эркештам–Сары-Таш–Карамык–Тажикстан–Афганистан–Пакистан жол коридорлору.

Мындан тышкары, 2014-жылы Тажикстандын транспорт министрлиги, «Научно-исследовательский и проектно-изыскательский институт» мамлекеттик унитардык ишканасы “Строительство новой железнодорожной линии Вахдат–Карамык” (Кыргызстан) жаңы темир жол линиясын куруу инвестициялык долбоорун иштеп чыккан болчу. Бул темир жол долбоору тууралуу тажик тарап Кыргызстан, Кытай, Иран менен башталгыч талкууларын өткөргөнгө да жетишип, муну Кытай, Иран бийликтери кызыгуу менен кабыл алган. 

Түркмөнстан–Өзбекстан–Тажикстан–Кыргызстан–Кытай магистралдык газ түтүгүн куруу эл аралык долбоору да ушул Чоң-Алай аркылуу өтөрүн белгилей кетпесек болбойт.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Чоң-Алай районундагы транспорттук коридор, «Карамык» өткөрмө пункту эң оболу Тажикстан үчүн, анан Афганистан үчүн да зор мааниге ээ. Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы 2004-жылдагы келишимге ылайык эки тараптуу чек ара 5 өткөрмө пунктунун бирөө дал ушул «Карамык». Негизи, Чоң-Алай багыты жана «Карамык» посту Тажикстан үчүн Кытай менен импорт-экспорттоодо эң эле ынгайлуу маршрут болот. Жакынкы арада “Карамык” посту жабык турганына байланыштуу Тажикстанга багытталган жүктөр «Эркештам» аркылуу кирип, транзит болуп Баткен тарапка жүрүп, “Кызыл-Бел” постунан чыгып кетип жатат.   

Кытай Тажикстандан, Россия, Казакстандан кийинки эң ири, үчүнчү соода өнөктөшү болуп эсептелет. 2020-жылы Тажикстанга Кытайдан 440 млн. АКШ долларлык товар киргизилген. Тажикстан негизинен Кытайдан турмуш-тиричилик товарларын: курулуш материалдарын, унаа тетиктерин, кийим, тиричилик техника, аспаптарды импорттойт. 

Тажикстан менен Кытайдын ортосунда эки мамлекетти бириктирген жападан жалгыз өткөрмө пункту да бар – бул Кулма ашуусу (Тоолуу Бадахшан автоном областынын Мургаб районунда). Кулма посту деңиз деңгээлинен 4365 метр бийиктикте жайгашкан. Мургабдан 90 километр, Душанбеден 850 километр алыстыкта турат, жолу татаал.

Кытайдан Тажикстанга кетчү транспорттук коридорлорду салыштыра турган болсок: 

  1. Душанбе–Жергетал–Карамык–Сары-Таш–Эркештам автожолу 544 км. же 9 саат (Кыргызстан аркылуу коридор).
  2. Душанбе–Жергетал–Карамык–Сары-Таш–Мургаб–Кульма автожолу 791 км. же 12-13 саат (Кыргызстан аркылуу коридор).
    1. Душанбе–Дангара (Куляб)–Калаихум–Ванч–Рушан–Хорог–Мургаб–Кулма автожолу 1005 км. же 17-18 саат (Толук Тажикстан ичиндеги жол).

Көрүнүп тургандай, азыркы жана жакынкы учурда Тажикстан үчүн дүйнөнүн эң ири базары болгон экспорт-импорт багытына, инвестиция булагы болгон Кытай өнөктөшүнө эң кыска, ыңгайлуу жол Чоң-Алай аркылуу. Ушундай эле жагдай Афганистан мамлекети үчүн да айрыкча түндүк тарабы, экономикалык жактан эң ынгайлуу транспорт коридору болуп эсептелет. Мына ушунун баары Кыргызстанга өзгөчө артыкчылыктарды берип жатат.  


Жыйынтыгында…

Жогоруда көрсөтүлгөн жүйөлүү себептердин баары кыргыз жетекчилигинин, өкмөтүнүн, тийешелүү кызматтарынын кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан аймактарга, анын ичинде Чоң-Алай районуна тыкыр назар салып, мамлекетибиздин чек ара тилкесинде тынчтыктын сакталышына, жергиликтүү калктын аманчылыгына, коомдук-саясый абалдын туруктуу болушуна, экономикабыздын өсүшүнө керектүү иш-чараларды алып барып, чечимдерди кабыл алышына өбөлгө түзөт. Андыктан, 2011-жылдын 26-июлунда кабыл алынган №145 «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Чоң-Алай районунун тийешелүү аймактарына, айрыкча чек ара тилкесине жакын жайгашкан калктуу пункттарына, участокторуна «чек ара аймактары» статусу тезинен караштырылып, аныкталып, берилиши бул учурдун талабы, чек арабызда түзүлгөн жагдайды улуттук кызыкчылыкка жараша жөнгө салуунун бирден бир жолу. 

Чоң-Алай району «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине (Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегинин аныкталышы жана бекитилиши) туура келет:

- социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;

- табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон аймактар.

Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна негизги коркунучтар дал ушул Чоң-Алай районуна да тикелей тийешелүү болуп жатканын ачыктап, тизмектеп берүүнү туура көрдүм. Алар: 

- Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны эл аралык-укуктук тариздөөнүн аягына чыкпагандагы;

- аймакты талашуу (Унжу-Булак жана Алтын-Мазар участкалары);

- улутчулдуктун, этностук жана региондук сепаратизмдин, диний мүнөздөгү карама-каршылыктардын пайда болуусу (Тажикстан, Афганистан тараптан);

- экономикалык жана демографиялык экспансиянын жайылышы;

- Кыргыз Республикасынын улуттук байлыктарынын уурдалышы, контрабандалык иштердин активдешүүсү;

- калктын турмуш деңгээлинин төмөндөөсүнөн, этностук чыр-чатактардан жана аргасыз миграциялык процесстерден келип чыккан абалдын туруксуздугу;

- транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук жана терроризм (Тажикстан, Афганистан тараптан);

- мамлекеттик чек аранын жанындагы региондук куралдуу чыр-чатактар (Афганистандагы согуш);

- курал жана башка куралдуу күрөш каражаттарынын таралышы жана топтолушу (Тажикстан, Афганистан тараптан);

- транс чек аралык өтүүдөгү авариялар, катастрофалар жана табигый кырсыктар (катуу жер титирөөлөр).

Чоң-Алай районунун кооптуу тобокелчиликтер жаралган тийешелүү аймактарына «чек ара аймактары» статусун берүү аркылуу Кыргызстаныбыздын чек ара аймактарын бекемдөө, анын улуттук коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик чек аранын бузулгустугун камсыз кылуу, калкынын жашоо турмушунун сапатын жана иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу максаттарына жете аларыбызды түшүнүшүбүз абзел. Жогоруда айтылган статусту берүү маселеси бул Чоң-Алайдын эле элинин суранычы эмес, деги эле мамлекетибиздин бүтүндүгүнө кайдыгер карабаган жарандардын сунушу катары кабыл алынышы керек.


Азат Эркебаев, экс-дипломат 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер