Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19ду бир маалда көп адамга жуктурган кубулуш аныкталды

COVID-19ду бир маалда көп адамга жуктурган кубулуш аныкталды

24-июнь, 13:25
1 765 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дарактардагы чаңчалар коронавирусту таратуучуларга кирерин Никосия университетинин окумуштуулары далилдеп чыкты. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Адистер ар кыл бөлүкчөлөр COVID-19дун таратуучусу болорун аныктоого аракет кылып, бир нече изилдөөдөн кийин оорунун кескин жугушу менен абадагы чаңчалардын топтолушунун ортосундагы байланышты тапкан.

АКШдагы жаз күндөрү жел болгон учурда чаңчалардын бир минутанын ичинде 20 метрдей аралыктагы топтошкон адамдарды каптай алары белгиленген.

"Эксперименттин маанилүү милдеттеринин бири — турмуштагыдай, кадимки эл аралашып жүргөн шарттарда изилдөө жүргүзүү эле. Миңдеген адамдар жана чаңча дандардын бөлүкчөлөрү, жүздөгөн сабактар, мажүрүм талдан 65 кадам арыраактагы бир топ адамдардын тобу керек болду", — деп айтып берген окумуштуулардын бири. 

Компьютердик модель чаңчалар коронавирусту өзү тараган аймактан да алыс алып кете турганын көрсөтүп берген.

Окумуштуулар аллергендердин картасын терең изилдеп, COVID-19 чындыгында эле чаңчалар арбын чыгып, көп учуп жүргөн аймактарда тез таралгандыгын аныктап чыгышкан.

Адистер мындай шартта стандарт катары талап кылынып жаткан эки метрлик аралыкты сактоо мааниге ээ болбой кала тургандыгын белгилешкен.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер