Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таласта иш чатак. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго!

Таласта иш чатак. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго!

29-май, 14:34
7 222 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сизди президенттик кызматка, жалпы кыргыз элинин күнү-түнү чуркаган мээнети жанып, 80% добуш менен өлкөбүздүн президенти болуп шайландыңыз. Анын ичинде Талас элинин да кошкон чоң салымы бар. Буга эң биринчи себеп: Манас атабыздын ордосуна келип, арбагына таазим кылып, куран айттырганыңыздын арты менен президент болдуңуз. Арбактар ыраазы болуп, сизге жол ачты. Андан кийин башка облустарга аттандыңыз эле. Ошол сизди шайлап, эми кабыл алууңузга зар болуп, жөнөткөн каттарыбыз өз колуңузга жетпей жатканы өкүнүчтүү болуп жатат. Эми сизге гезит аркылуу кайрылып, андан кийин өзүңүз менен бетме-бет отуруп жолугууну чечтик. 

Ток этер жери, Таласта иш чатак. Сиз менен иштеп жаткан кээ бир сабатсыз кадрлардын жоопкерсиздиги жана чыккынчы кадрлар менен иштеп жаткандыгыңыз. Ошондуктан кол алдыңызда иштеп жатышкан аппараттын кызматкерлерине, жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, орун басарлары Санжар Мурзакановго, Чынара Жаныкеевага жана өкмөттүн Талас облусу боюнча кураторуна катуу чара көрбөсөңүз болбойт! Булар мамлекет үчүн иштей турган кадрлар эмес экени билинди!

Мына, сиз президент болгонуңузга 100 күндөн ашты. Өлкөбүздө саясый жана кадр тандоо боюнча атмосфера курч, элдешкис абалга келип такалды. “Бетке айткандын заары жок” дегендей, өлкө туңгуюкка баратат. Өзүңүз айткандай, мурунку-кийинки бийликте отургандар 30 жылдан бери элди алдап, өлкөбүздү карыздын сазына тыгып салышты. Аларга Кудай өзү жазасын берсин! Эми бийлик башына келген Садыр Жапаровго колуна кол, бутуна бут болуп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө жандили менен кызмат кылган жетекчилер иштеши керек. Анткени убакыт тар. Тышкы карыз кекиртекте тыгылып турат. Эми жашы-карысы дебей баардыгыбыз жардам берип, өлкөнү өнүктүрүүбүз керек. Бирок жардам берем дегендерге бут тосуулар болуп жаткандары өтө түшүнүксүз.

Кыргызстан президентке жарыбаса, Талас облусу башчыга жарыбадык. Ачык айтсак, бир топ жылдан бери Талас облусу боюнча көйгөйлүү маселени көтөрүп келген жарандык активист Айбек Бузурманкулов октябрь төңкөрүшү менен 270 миңге жакын калкы бар касиеттүү Талас облусуна жетекчи болуп келип, жакын арада өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кеткен. Андан кийин облус башчылыгына айыл чарбасынын же “а”сын билбеген, 10 кишинин алдында оозун ачып сүйлөй албаган, облусту өнүктүрүүнүн программасы жок, жеп-ичкенден башканы үйрөнбөгөн, кандай гана кызматты аркалабасын, “10% доля” (кличка) аты бар Нарбеков Бакытбек Наркулович саясый чечим менен дайындалган. Бул жигиттин иштегенине 60 күн болду. Буга элдин эле эмес, иттин ичи жылыбайт. Мындай губернатордун кимге кереги бар? Бул эргул 2010-жылдын апрель революциясында Таластагы кагылышууда эркек башы менен катындардын көйнөгүн кийип алып качып чыккан азыркы ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп иштептир. Мейли, жаштар келсин, каршылык жок. Бирок, айыл чарбасы боюнча билим деңгээлдери жогору болсо, тажрыйбасы мол болсо бир жөн эле. Кимиси болбосун, чет өлкөдөн инвесторлорго эмес, үйлөрүнүн короосунан чыга элек жигиттердин бийлик башына келишин эл каалабайт! Эми Талас облусуна такалуу ат минген, такшалган, элдин тилин билген, жердин ыгы менен сырын билген, эл үчүн башын сайган өз кадрыбыз келиш керек. Акүйдөн келген “айдап кел, байлап кел” деген “десант, дүжүр кадрлардын” кереги жок. Мындай кылбасаңыз, Талас облусунун экономикасы биротоло өлдү десек болот.

Эми башкасын айтпай эле коёлу. Талас облусуна 30 жылдан бери 12 губернатор келип кетишти. Бирөөсү дагы жыргатып иштешкен жок. Жеп-ичишип, Таласты талкалап кетишти. Алардын эң жаман жери: илгертен бери бир дарыянын суусун ичип, бир тууган болуп келген элди “кушчу”, “саруу” кылып бөлүп кетишти. Бүгүнкү күндө облустун жана райондордун экономикасы таптакыр артка кетип, коррупция гүлдөп жатат. Азыр райондордо “кой, ай” деген бир тирүү жетекчи жок. Тартип жок. Ар ким өз билген намазын окуп жатат. Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов болсо “тойдум байдын кызына” деп, өз арызы менен кызматын тапшырып кетип калды. Ал эми Талас жана Манас райондорунун акимдеринин селдесине чок түшүп отурушат. Айрыкча 2016-жылдын август айында Мухамметкалый Абылгазиев иш боюнча биздин районду кыдырып келип, бир сааттын ичинде эле азыркы 1978-жылы туулган Сыдыкназаров Баратбекти аким кылып отургузуп кеткен. Көрсө, бул жигит М.Абылгазиев соцфонддун төрагасы болуп турганда ишеничтүү жардамчысы болгон экен. Ошол себептен иштей албай жатса да, кызматтан түшпөй келген. Бул жөнүндө өкмөттүн аппаратында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Эмил Бузурманкуловдун да нааразы болгонун укканбыз. Бул жигит 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин иштеп, же районго бир тыйын пайда келтирбей, же пайдалуу иш кылбай, жалаң гана Абылгазиевдин “чөнтөк акими” болуп келгенин асмандан Кудай, көргөн биз тирүүбүз. Айтпасак да былыктары толтура. Бизге чейин Талас районунун соцфондун талкалап келип, биздин районго аким болуп отуруп калды. Же эл тааныбаган, же эл менен иши жок акимдин кимге кереги бар? Эми кыйратып койгонсуп, “Сузак районуна ротацияны күтүп жатам. Мен Камчыбек Ташиевге шайлоо учурунда багыш уруусунан добуш алып берип, чоң жардам кылгам” дейт. Мына, Сузакка ротация боло турган себебин айткан акимдин деңгээли! 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

1. Эми ачык каттын ток этер жери: өзүнүз менен 10 жылдан бери ысыкка күйүп, суука тоңуп бирге жүргөн экс-депутат Жылдызкан Жолдошованын айткандарын толук колдойбуз. Сиз туура түшүнүңүз, “тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” дегендей, ал сизге жана өлкөнүн келечегине күйүп айтып жатат. Сиздин тегерегиңизди жалаң мурунку-кийинки бийликтин шакалдары, карга-кузгундары, ачкөздөр, коррупционерлер курчап алды деп көрүп билип айтып жатат. Алар өлкөнү өнүктүрө турган кадрлар эмес, өлтүрө турган кадрлар. Беш президентти жардан кулаткандар сизди дагы жардан кулатат! Аларга алданбай, терең ойлонуңуз! Бул кадрлар менен сиз алыска барбайсыз. “Жакын арада акимдер ротация болот. Таласка Оштон келет экен” деп угуп жатабыз. Эгерде ротацияны этап-этап менен жасабасаңыз, анда Кыргызстандын экономикасы дагы 4-5 жылга артка кетет. Ошондуктан ойлонуп ротация кылуу керек. Атам замандан бери эл экиге бөлүнүп келген. Анткени оштуктардын менталитети башка. Ал эми Талас эли орус-немец калкы менен аралашып өзгөчө болуп калган. Оштон келе турган кадрлар жалаң өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп иштешет. Бул айрыкча экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун учурунда далилденбедиби. Мындан тышкары, баардык эле акимдер ротацияга макул болушпайт. Мисалы, Алайдан Нарындын Ак-Талаасына ак топурак чачса дагы барышпайт. Отказ кылат. Бул факт. 

2. Элдин жана мамлекеттин келечегин ойлосоңуз, ансыз да өлкөдө бүгүнкү күндө мамлекетке бир сомда пайда кылбаган 40 миңден ашык пенсионерлер иштеп жатышат. “Азыр жаш курагына карабай, өлкөгө инвестор алып келген, иш билген азаматтар иштеш керек” деп айткан жалындуу сөзүңүздүн реалдуу чындыгы бар болсо, анда бир топ жылдан бери коррупцияга батып, экономикасы талкаланган Талас облусунун губернатор ордун саясый чечим менен жалпы эл каалаган кадрды дайындооңузду талап кылабыз.

3. Биздин Талас облусубуз атактуу Чыңгыз Айтматовдун киндик каны тамган жер. Ошондуктан ротация шылтоосу менен облуска иштин көзүн билбеген Алайдан, Ала-Букадан, Оштон келген адамдын кереги жок. 1984-85 жылдары Талас облисполкомуна атактуу генерал Эргеш Алиевдин уулу Эркин Эргешович Алиев келип, бир жылда качып кутулган. Ал эми экс-президент А.Атамбаев учурунда алабукалык прокурор кызматкери Байыш Жуманазаров “Хюре драмасы” менен шерменде болуп куулган. Бул факт. Себеби бизге тиш каккан, экономиканы көтөргөн, элди баккан, тажрыйбалуу, реформатор, эл үчүн өмүрүн арнаган губернатор керек. 30 жылдан бери иштеген губернаторлордун түштөрүнө кирбеген бурулуш жасайт деп ишенебиз. Ал – өз жердешибиз, элдик көп тармактуу ишкананын башчысы Жапаркул Тургуналиев. Бул адистин эл үчүн жасаган таза эмгеги, мээнети, келечек муунга үлгү болот деп ойлойбуз. Себеби анын колунда районду эле эмес, Талас облусун өнүктүрүүнүн эң сонун план-программасы бар адам экенин көрүп турабыз. Ачык айтсак, бул адис Талас облус башчысына татыктуу, облусту тарыхта калтыра турган кадр. 

4. “Кадрлар баарын чечет” деп Сталин айткандай, күчтүү кадрлар менен күчтүү мамлекет жаралат деп таамай айтылган сөзгө маани бериңиз. Сиздин ишенчээк экениңизди билип алышып, башыңызды айлантып жатышат. Алар мурункудай эле кадр маселеси боюнча ортого түшкөндөрдөн “устукан” алып дайындап жатышат. Буга мисал катары: Таласка Бакытбек Нарбековдун келишине сиздин бакандай кудаңыз, Кара-Бууранын Аманбаев айылындагы кесиби физрук Керимжан Төкөнов (Кеша) аралашканы ачык эле билинип калды. Муну Бакыт өзү да айтып жүрөт. Бул сиздин аброюңузга катуу сокку болду дейбиз. Бакытбек Нарбеков агрардык университетте мугалим болуп иштептир. Андан кийин Сооронбай Жеенбековдун убагында Акүйдөн Таластын куратору болгон. Өзгөчө кыйын адис деп Апендинин кызындай макташып, сизди ишендирген окшойт. Ата-теги, жери көксайлык болгону менен Таластын табигый сырларын билбейт! Эч кандай жетекчилик жөндөмү жок. Ачыгын айтсак, Б.Нарбеков губернаторлук кызматка эмес, айыл башчысына да татыктуу эмес экенин көрүп жатабыз. Мына, президенттик аппараттын кадр саясатынын таз кейпи!

5. Элдин, дыйкан-фермерлердин үнүн уккусу келбеген, кабыл албаган, эл менен иши жок “аппаратчик” Бакыт Нарбеков тез аранын ичинде кызматтан кетүүсүн талап кылабыз. Себеби ал эл менен иштөөнүн көзүн билбейт, иштеген иши, жасаган жумушу минус нөлгө барабар, колунда облусту өнүктүрүүнүн план-программасы жок. Анан кантип Таласты өнүктүрөт? Элдин убалына калбай, кетип калсын! 

6. “Талас облусунда өкмөттүн өкүлү Бакыт Нарбековбу же президенттин кудасымын деген физрук-самозванец Керимжан Төкөновбу?” дешип элдин башы айланып калды. Себеби Бакыт Нарбеков баш болуп, калган акимдери төш болуп, “Алтын-Альянста” чай ичишип, гүлдөп жүрүшөт. Аларды жазгы талаа жумуштар, жалпы элдин ал-акыбалы жана облустагы кризис кызыктырбайт экен. Эмне максат менен облус жетекчилигине келгени түшүнүксүз? Же бийлик башында отургандарга Жерүй алтын кенинен “10% долясын” алганы келгенби? 


Урматтуу президент мырза!

Эгер тез арда Бакыт Нарбековду кызматтан албасаңыз, анда биз – Талас облусу боюнча “Айкөл Ала-Тоо” коомунун мүчөлөрү жана Апрель баатырлары Жерүй алтын кени боюнча баардык ачуу чындыкты жалпы Кыргызстандын элине ачык билдиребиз. “Алтын-Альянсты” кууп чыгып, эң биринчи орунга адам баласын эмес, акчаны койгон Өмүрбек Бабановду ташбараңга алабыз! Анткени Жерүй алтын кениндеги карапайым элдин балдарын ар кандай шылтоолор менен жумуштан бошоткон. Алардын ордуна жалаң гана милиция органдарынан пенсияга чыгышкан өзүнүн адамдарын кабыл алып жатышат. Алар мамлекеттен пенсия, Жерүйдөн буюрган айлык-маяна алып жашагысы келсе, карапайым элдин балдары ачкадан өлүшү керекпи? 

Жерүйдү Өмүрбек Бабанов башкаруусуна жол бербейбиз, ага тикеден-тике каршы турабыз. Бийлик, жер-суулар, кен байлыктар жалпы кыргыз элиники экенин өзүңүз эң жакшы билесиз! Бизге жалпы Талас элинин аманчылыгы керек. Жерүй алтын кенин өзүбүз көзөмөлдөйбүз. Ушундай жетеленме кадрлар менен өлкөнү кантип өнүктүрөсүз? Эл тараза, эл сынчы, эл чечсин! Эл менен эсептешпесеңиз болбойт! Элдин үнүн угуңуз, урматтуу президент! 

Жерүй эл үчүн, мамлекет үчүн, Талас элинин келечеги үчүн иштеши керек! Талас эли толкуса, Кыргызстан толкуйт.


Ишиңизге ийгилик каалап, элдин атынан

Талас облусунун “Айкөл Ала-Тоо” коомунун төрагасы Анарбек Рыскулбеков (Чолпонбай баатыр), т.: 0501 526 364;

“Айкөл Ала-Тоо” коомунун Талас району боюнча координатору,  айылдык кеңештин депутаты, Апрель баатыры Теңдик Избасаров;

 “Айкөл Ала-Тоо” коомунун Талас району боюнча координатору,  айылдык кеңештин депутаты Куттубек Батырбеков;

“Айкөл Ала-Тоо” коомунун Бакай-Ата району боюнча координатору,  айылдык кеңештин депутаты Баратбай Мадалиев;

Апрель баатыры, Бакай-Ата району боюнча координатору, айылдык кеңештин депутаты, Насирдин Чолпонкулов;

Апрель баатыры, Бакай-Ата району боюнча корупцияга каршы күрөшүү коомунун мүчөсү Солдатбек Нарбаев;

Апрель баатыры, Бакай-Ата району боюнча коррупцияга каршы күрөшүү коомунун мүчөсү Жамалбек Чоткараев;

Кара-Буура району боюнча коррупцияга каршы элдик көзөмөл юристи      Каныбек Айтмамбетов.


21-май, 2021-жыл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер