Дамир Осмонов: “Ковидден соң инфаркт 60%га көбөйгөнүн байкадык”

«Бикард» клиникасынын башкы дарыгери менен маек.
-- Дамир мырза, ковидден соң жүрөк оорулары күч алганы тууралуу айтылып келет. Буга кандай пикирдесиң?
-- Эгерде биз COVID жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда биз алгачкы төрт айда 2019 (ковидсиз), 2020 (ковид менен) жана 2021-жылы (ковидден кийин) кардиологиялык тажрыйбабыздын салыштырма анализин жүргүзүп, бейтаптардын санынын өскөнүн байкадык. Биздин изилдөөбүздө инфаркт 60%га көбөйдү. Изилдөөлөрүбүздү өзүнчө илимий эмгекке айлантууну пландап жатабыз. Бейтаптардын жашы болжол менен үч жашка жашарды. Мисалы, өткөн айда биз жүрөк оорусу менен ооруган 1991-1998-жылы туулган үч жигитти кабыл алдык. Алардын экөөнүн жүрөгүнө стенд койдук, ал эми эң кичүүсүнө хирургиялык операция жасалды. Бул көрүнүштөр ковид башталгандан берки мезгилде болгон. Менин оюмча, бул жерде бир нече факторлор иштеди, бирок эң негизгисин мен стресс деп атамакмын. Анткени 2020-жылдын март айынан баштап биздин жашообуздун баардык чөйрөлөрүндө ар кандай карантиндер жана чектөөлөр, жумуштагы каржылык кыйынчылыктар болуп келет. Анын айынан үй-бүлө чатактары да орун алууда.
-- Ковидден жабыркагандарга кандай сунуштарыңыз бар?
-- Эгерде бейтаптарда физикалык күч келтирген соң катуу демигүү, баш айлануу же көз караңгылоо, көкүрөктүн оорушу, буттун төмөн жагындагы шишиктер, дем алуунун оордугу байкалса, түнкүсүн аба жетпей ойгонсо, жүрөктүн согушу бат же жай болсо, кардиологдон кеңеш сурашыңыз керек. Бул жүрөктүн постковиддик оорулары болушу мүмкүн. Алардын ичинен эң көп кездешкени – перикардит (жүрөктүн былжыр челинин сезгениши), олуттуу миокардит (жүрөк булчуңунун сезгениши). Жүрөк булчуңунун сезгенүүсүнө байланыштуу ар кандай ритм бузулуулары, жүрөктүн иштеши начарлап, төмөндөп кетиши мүмкүн, бул жүрөктүн туура эмес иштешине алып келет. Албетте, анан баарынан олуттуусу кардиогендик шоктон улам өлүм болушу мүмкүн. Ковид канды коюлаткандыктан, курч миокард инфарктына кабылуу коркунучу бар.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити