Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азим Кыргызбаев: “Вакцина алган дарыгерлер “кызыл зонада” иштеп атышат. Эч бири оору жугузган жок”

Азим Кыргызбаев: “Вакцина алган дарыгерлер “кызыл зонада” иштеп атышат. Эч бири оору жугузган жок”

20-май, 12:33
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси менен маек.

-- Учурда өлкө боюнча жалпы канча киши эмделди?

-- Кыргыз Республикасы боюнча 54 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 12 миңден ашыгы 2-дозасын алып атат. Ал эми Спутник-V вакцинасы боюнча 10 миңден ашык адам 1-дозасын алды. Жакынкы аралыкта 2-дозасын алуу күтүлүүдө. 

-- Эмдөөдөн өткөндөр өздөрүн кандай сезишүүдө? Вакцинанын адам организмине тийгизген натыйжалуулугу жөнүндө айтсаңыз?

-- Вакцинанын таасири жакшы. Натыйжалуулугу бар экен. Маселен, бизден эмделген медициналык кызматкерлер кызыл зоналарга кирип иштеп атышат. Алардын эч бири оору жугузган жок. Күтүлүүчү реакциялар бар. Алар дене табынын көтөрүлүүсү, сасык тумоо өңдүү симптомдордун болушу. Бизде атайын база бар. Ага вакцина алгандар кирет. Эгер кандайдыр бир реакция болсо, ошол жерге жазылат. Ага таянсак, 54 миң адамдын ичинен 25ке чукулунда дене табы көтөрүлдү. Анын ичинен дене табы 3 күнгө чейин кармалгандардан экөө болду.

-- Азыркы кезде вирус менен ооругандарда кандай өзгөчө белгилер болууда?

-- Эч кандай өзгөрүү жок. Баары баягыдай эле. Дене табы көтөрүлүп, сасык тумоого окшош симптомдор байкалат. 

-- Ал эми эпидемиологиялык кырдаал кандай болууда?

-- Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча эпидемиологиялык абал кызыл зонада турат. Учурда көптөгөн жарандар министрлик тарабынан берилген сунуштарды четке кагууда. Социалдык аралыкты кармоо, беткап тагынуу жокко эсе болгондуктан, вирустун күчөшү байкалууда. 

-- Баардык аймактарда вакциналар жетиштүүбү?

-- Кытай вакцинасы республика боюнча баардык 88 убактылуу эмдөө пункттарында жетиштүү. Спутник вакцинасы Бишкек шаары боюнча биринчи дозасы түгөндү. Жакынкы арада дагы кошумча дозалардын келиши күтүлүүдө. Ал эми 2-дозасы менен баардык пункттарда эмдөө жүрүп атат. 


Мээрим Асанова 
   "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер