Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымкадыр Бейшеналиев: “Доктурлар элди алдап келишкен”

Алымкадыр Бейшеналиев: “Доктурлар элди алдап келишкен”

11-май, 18:07
1 187 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы дарыгерлердин жаңы айлыгы канча боло турганы белгилүү болду. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду берген маалыматка ылайык, сертификацияланган үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практикадагы дарыгерлер жакында эле өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, жаңы тарификация менен айлык алышат. Негизги оклад 5 миңден 10 миң сомго көтөрүлдү. Бирок индикаторлор алынып салынды. ММКФнин маалыматы боюнча индикаторлордун негизинде орточо айлык 13,5 сомго жетип, максималдуу мүмкүн болгон айлык 19,8 миң сомго жетчү. Башкача айтканда, айлык көбөйбөй эле азайды. Дарыгерлер нааразы.

Комментарий алуу үчүн Kaktus.media саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылган. Эске салсак, жаңы система боюнча айлык төлөө демилгесинин автору министр өзү болчу.

Доктурлар элди алдап келишкен деди ал. Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, медиктер кант диабети жана онкологиялык оорулары бар бейтаптардын илдетин баштапкы стадиясында аныктоонун ордуна аларга түрдүү оорулар менен ооруйт деп кошуп жазышкан.

Бизде кош бойлуулар көп, бирок төрөлгөн балдардын саны ошончолук көбөйгөн жок. Калкыбыздын баары эле кант диабетинен жабыркайт имиш. Элди алдаган болбойт дейт министр. Анын айтымында, алдабай, чынчыл иштеп, аз айлык алып жүргөн медиктердин маянасы көтөрүлдү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер