Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Кылычбаев, ЖК депутаты: “Жүзгө жакын үй кооптуу абалда турат”

Алтынбек Кылычбаев, ЖК депутаты: “Жүзгө жакын үй кооптуу абалда турат”

26-апрель, 20:31
754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алтынбек Таирович, Сузак районундагы кооптуу айыл тууралуу маселе көтөрдүңүз. Ал кайсы жерде жайгашкан?

-- Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылына караштуу Көк-Арт дарыясынын жээгинде жайгашкан. Өтө кооптуу жер, мындайча айтканда, дарыя жээкти жеп келатат. Андыктан, ал жакка дамба куруу зарылчылыгы бар. Ал жерде “Асаба” фонду тарабынан жүзгө жакын үй салынган. Азыр жээк ошол үйлөргө жетейин деп калды. 

-- Мындай кооптуу жерлерге ӨМК мониторинг жүргүзчү эле. Аталган министрликтен кишилер барып, изилдеп көрүштүбү?

-Эл сел коркунучуна байланыштуу биринчи жолу кайрылууда. Биз эл менен жолугушуп, алар бизге кайрылып жаткан учурда айыл өкмөтүндөгүлөр да бар болчу. Элдин айтымында, азыркы күндө ӨКМ тарабынан андай иштер жүргүзүлгөн эмес. Бул бүгүнкү күндөгү өтө актуалдуу маселе. Жалгыз эле ал айылда эмес, Кара-Дарыя айыл аймагында да үч-төрт айыл кооптуу жерде жайгашкан. 2010-жылдан бери 150-200 метрден дамба курулуп келүүдө, бирок толук бүтө элек. Дагы 1173 метр куруу зарыл. Былтыркы жылга 160 метрге каражат бөлүнгөн. Быйылкы жылга да акча каражатын карайбыз деп өкмөт убадасын берген. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер