Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жыпар керебетинде жок. “Моргго алып кетишти” деген үндөр жаңырууда

Жыпар керебетинде жок. “Моргго алып кетишти” деген үндөр жаңырууда

20-март, 15:10
2 447 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кудум кепин сыяктанган ак шейшеп. Эс учун жоготкон Жыпар ак шейшепте жансыздай жатты. Анын өңү ак шейшептен да купкуу көрүнөт. Кокустан жүрөк оорусу кармаган аял көмкөрөсүнөн жыгылган өңдүү чекеси көгөргөн. Колунун тамырына ийне сайылып, асылып турган суюк дары тып-тып тамчылап турду. 

Оорукананын коридорунан кобур-собур үндөр угулуп жатты. Кыңайып ачылган эшиктен ал үндөрдүн баары Аскарга дапдаана угулууда.

--Билесиң да Айка, Сезиманы кошуна Рая эженин үйүнө таштап келдим. Бир сааттан кийин эле ал мени издеп, чыр сала баштайт. Бакыт да үйгө кеч келет.

--Ии жеңе, дайым эле ушундайсыз да. Мен үч баламды таштап чуркап келдим.  Дагы жакшы, мен чыгарда Үсөн келип калды. Бирок мурун балдарды жалгыз алып калган эмес да. Мейли эми, бара бериңиз. Бүгүнчө өзүм карайм, - деп калып жаткан келиндин үнү нааразы болуп чыкты.

Палатада угуп жаткан Аскар “бул да мага окшоп балдарына түрткүнчүк болуп калган жан окшойт” деп ичинен күбүрөнүп, оор үшкүрүндү. Ары-бери ооналактап жатып, акыры тынчый албай Аскар жаңы эле келип түшкөн оорулуу аялды көрүүгө коңшу палатага баш бакты. 

Дарыгерлер эс учу жок жаткан аялдын жанын алып калууга болгон аракеттерин жумшашып, чуркап жүрүшөт. Аскар өңү кубарган аялга үңүлө тигилди. Ар бир бырыштарына чейин карады. Керебетте жашы алтымыштан жаңы ашкан, шаардык экендиги билинген аял жатты. 

Акырындан өңүнө кызыл жүгүрө баштаганын көргөндө гана медайымга кайрылып:

--Буйруса жакшы болуп кетет... – деди Аскар.

--Өзүңүз кандайсыз ага?

--Кудайга шүгүр, жакшымын, бул жаңы келген оорулуу сакайып кетсин.

--Дарыгер айтты, буйруса уколдон соң бир саатта эсине келип калат...

***

Жыпар жаңыдан өзүнө келгенде кызы Гүлназ менен бейтааныш кары адам жанында сүйлөшүп отурушуптур.

--Саламатсыңбы Жыпар! Мени көрүп коркуп кетпе. Сен эсиңе келгенче Гүлназды алаксытып, ар нерсени кобурап жанында болдум. Менин атым Аскар. Мен дагы сендей болуп ооруп түшкөм. Бир өлүмдөн калып, экинчи өмүрүмдү сүрүп жаткан кезим. Сен тууралуу болсо Гүлназдан билип алдым. Менин эски таанышымдай болуп калдың. Эсиңе келип, бизди абдан кубандырдың.

Жыпар жылмайды. Бир топ жашка барып калса да, “сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт” дегендей көздөрү муңайым жоодурайт. Акырындан өзүнө келе баштады. Кызы Гүлназ кайнатылган шорподон кашыктап ичирип, эки карыга сүттөп чай сунуп, үчөө кобурашып отурушту. 

Эртеси небересин ээрчитишип, кечээ күнкү үйүнө шашкан келини менен уулу келип кетишти. Саат санап өзүнө келип, оңолуп келе жаткан Жыпар балдарынын баарын үйүнө жөнөттү.

Күн сайын таңкы тамактан соң Аскар менен Жыпар оорукананы курчаган бактарды айланышып, сейилдегенди адатка айландырышты. Кардиология бөлүмүнүн дарыгерлери да бул көрүнүшкө көнүп калгандай. Оор кармаган инсульттан соң өзүн абдан алсыз сезген Жыпар бул сейилдөөдөн соң кадимкидей өзүнө күч жыйнагансыйт. Экөө сапырылган күзгү жалбыракты тебелешип, чыйрыктырган таңкы күздө акырындап нурун чача баштаган жылуулукка чайынышат.  Бакчадагы акыркы ачылып бараткан розаларга аянычтуу карашты. Өткөн күндөрдү эскерүү да жакшы тура...

***

Экөө өз палаталарына тараган соң уктай албай жатышты. Аскар түш көрүп жатты. Жоогазынга толгон кызыл талаа. Байбичеси Тумар менен Жыпар кызыл талааны аралап келе жатышты. Экөө тең аппак жоолук салынып алышкан. Жумшак желге жоолуктары дирилдейт. Экөө тең жашарып кетишкендей. Бир карасаң учуп баратышкандай... 

Ызы-чуу Аскарды чочутуп ойготту. Тура калып коңшу палатага жөнөдү. Жыпар өз керебетинде жок. “Морг... моргго алып кетти...” ушул сөздөр гана кулагына жаңырып жатты. Аскар түндө эле көп нерсени кыялданбады беле? Карыганда тапкан бир кичинекей тоголок бакыт көз алдында бычырап, быркырап сынып жатты..

Айзуура Алимова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер