Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Карачай улуту Манас менен Сайкалдан тараганын токсон жаштагы кавказдык ата чечмелеп...”

“Карачай улуту Манас менен Сайкалдан тараганын токсон жаштагы кавказдык ата чечмелеп...”

27-апрель, 14:49
10 069 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул кызык дагы, тарыхый дагы окуяга күбө болгон, окуяны өз башынан өткөргөн Абдыкайым ага тууралуу угуп жүргөнүмө эки жылдын жүзү болуп калды. Ал кезде Абдыкайым ага Токтогулда эле. Телефон чалып, жакшы байланышалбай, айтор, кызык окуянын учугун улоонун сааты чыкпады. Эми минтип Бишкектен жүз көрүшүп баарлаштык. 

-- Абдыкайым ага, сиз аскердик кызмат өтөгөн учурда кызык окуяга учурапсыз. Сиз күбө болгон окуя боюнча тарыхый изилдөө жүргүзсө да болчудай экен. Карачай улуту “кыргыздын, Манас атанын тукумубуз” дегени өзүнчө ачылыш. Окуя тууралуу өз оозуңуздан уксак...

 -- Мен Кайыпжанов Абдыкайым Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан болом. 1970-жылы Советтик Армияда кызмат өтөгөнү Түндүк Кавказдагы Лабинск шаарындагы 2158-аскердик бөлүгүнө туш болдум. Жаңы барган кез. Ошондой күндөрдүн биринде кыска убакытка бошонуу алып, шаарды кыдырганы чыктым. Шаар кыдырып жүрүп кызык окуяга дуушар болдум. Ал учурда кафе ачылып калган экен, тамактанып отурсам, жанымдагы столдон кыргызга окшош сүйлөшкөн эки адамды көрүп, тартынбай эле тамагымды көтөрүп алып тигилерге барып, “силер кимсиңер?” деп суроо узаттым. Он тогуз жаштагы жоокер адамдын сураганы одоно, орой болуп калдыбы, бирөөсү ачууланып ордунан тура калды. Отурганы кол жаңсап беркисин токтотуп” “өзүң ким болосуң?” деп суроо узатты. “Кыргыз болом” деген жооп уккан соң таңгала карап, “биз карачай” болобуз деп, өзүн “Аслан” деп тааныштырды. Карачай дегенди биринчи жолу угуп, анчалык аңдап түшүнө бербедим. Ошентип тамактанып сыртка чыктык. Бөтөн эл, бөтөн жер болгондон кийин кол салат го деп даярданып калсам, “коркпо, сени чоң атама алып барам, чоң атам кыргыз көрсөң алып кел деп айткан” деп алып жөнөдү. Биринчи өзү кирип кетти, анан токсондун тегерегиндеги сакалчан чоң атасы кошо чыгып, көзүнө жаш алып, “уулум, балам” деп кучактап көрүштү. Кавказда аксакалдын “уулум, балам” деп жашып кучактап көрүшкөнүнө бир чети бир кызыктай болуп, бир чети таңгалдым. 

-- Аксакал карачай улуту кыргыздан тараганын кандай чечмелеп айтты?

-- Кыргызсыңбы? Мен атаң болом. Биз да кыргыз болобуз деп коноктоп, сыйлады. Манасты билесиңби? Кыз Сайкалдын Манас менен беттешкенин уктуң беле? Бизкарачайлар Манас менен кыз Сайкалдан тараган урпагы болобуз. Угуп ал деп аксакал санжырадан кеп таштады. Домокан. Домокандан Байгур. Байгурдан Алаш, Текеш. Алаштан Селжук, Азербайжан, Түркмөн. Текештен биз, кыргыздар ак калпак, кара калпак. Карача хан, кыз Сайкал Алаштан болушат. Биз, кыргыздар Текештен болобуз деп санжырасын андан ары улантты. “Биз, карачайлар азыр Каспий деңизинин бул өйүзүндө турсак, ал мезгилде Карача хан Каспийдин аркы – силер жак өйүзүндө, азыркы Түркмөнстан жакты байырлап турган экен. Манас атабыз, Бакай абабыз баш болуп, чоролору менен жер кезип, аң уулап жүргөн кезде алдынан баатыр чыгып, беттеше кетишет. Ортодон Бакай коё тургула, мен барып кайсы баатыр экенин билип келейин деп барса, Карача хандын баатыр кызы Сайкал болуп чыгат. Ал Манастын даңкын угуп, “жолугайын, достошоюн деп издеп жүргөнүн айтат. Сен издеген Манас азыркы беттешкен баатыр – сенин кыз экениңди укса арданып, бир аз чатак иш болот деп кыз Сайкалга сен эми эр кийимин чечип, кыз кийими менен туруп тур. Мен барып Манасты көндүрүп келейин” дейт. Кыз экенин укканда кара жини кармаган, арданып намыстанган Манасты, “биз эле башын канжыгага байлап келебиз” деген Чубак менен Сыргагын эки күн дегенде Бакай абабыз эпке келтирет. Ошентип Манас атабыз менен кыз Сайкал мамиле куруп, нике кыйылып, үч ай жашап, мамиле куруп тарайт. Ошондо Манас атабыз менен кыз Сайкалдан биздин атабыз төрөлүп, таятасы Карача хандын чайын куюп чайчысы болуп жүрүп, кийин Карачай аталып кетет. Биз ошол Карачайдан тараган Манастын урпагыбыз, кыргыз болобуз. Сайкал энебиз кийин башка турмуш куруп, андан черкестер тараган. Биз кыргыздын урпагы болсок, черкестер бизге энелеш тууган болот. Мен эми кыргыз жерин, Манас атабыздын күмбөзүн көрсөм арманым болбос эле, барам деп такыр баралбадым. Сен мага бала бол, бул жерде кал. Биринчи көрүп жактырган кызыңды алып берем. Асландын шаарда үч тамы бар, каалаганың тандап ал да, Асланга бир тууган ини бол” деди. Мен үйдүн жалгыз уулумун деп, ал жерде кала албасымды айттым. Чынында эле үйдүн жалгыз уулу болчумун. Ошентип аксакал менен коштошуп чыктым. Арадан 50 жыл өтүп кетиптир, аксакалдын ысымы эсимде калбаптыр.

 -- Аксакалдын уулу кайсы куракта эле? 

-- Аксакалдын уулу Аслан ошол кезде болжол менен 30 жаштын тегерегинде эле. Шаарда маселе жарала турган болсо, менин бир тууганым болоруңду айтып кой, ошол жетиштүү болот деп жеткизип койду. Бир күнү одессалык эки жолдошум менен бошонуу алып кыдырып жүрсөк, жергиликтүү кавказдыктар тонойбуз деп калышты. Жанымдагы экөө Алик, ортобузда бол, жарып өтөбүз дешти элемен коё тургула, барып сүйлөшөм деп басып барсам, бирөөсү жакалап асылып калды. Чоңуңар ким? Ошо менен сүйлөшөм” десем, бирөөсү келди. “Мен Асландын бир тууганы болом” десем, “калп айткан жоксуңбу?” деп атып коё беришти. 

Арадан бир топ күн өткөндөн кийин КППдан чакырып калды. Аксакалдын уулу Аслан бизди тонойбуз деген он чакты адамды желкелеп алып келиптир. “Бирөө-жарымы кол көтөрдүбү?” деп сурады эле, жакалашканыбызды айтсам, тигини “тизеле!” деп тизелетип, кечирим суратты. Мени “ур, эгер сен урбасаң, анда мен муну өлтүрүшүм керек болот” дегенинен, кийин сабадым. Калгандары эки колун төштөрүнө алып кечирим сурашты. Аслан шаардагылардын баарына айтып койгула, бул менин бир тууганым, иним болот. Керек болсо алдынан чыкпагыла” деди. Кийин дагы аларды көчөдөн көрдүм, айтылгандай эле айланып өтүп жүрүштү.

-- Дагы кандай кызыктуу окуялар болду?

-- Дагы бир жолу ашканага кирели десек, үчөөбүздүн акчабыз жетпейт. Асландын каалаган рестораныңа барып, мени айтып тамак ичип кете бер дегенин эстеп, экөөнү ээрчитип алып ресторанга бардым. Тиги экөө бушайман, “ашканага жетпей жатса, сен ресторанга алып келесиң дешип. Киргенде официанттан ресторандын директорун чакыртып, “Асландын иниси болом, тамак ичип кетели десем, болду түшүндүм, маселе жок” деп столдун үстүн толтуруп койду. Аслан мен дембель болуп үйгө кеткенче коробка-коробка белектерин кызмат өтөгөн жериме жөнөтүп турду. 

Ошол күндөн ушул күнгө чейин, арадан канча жыл өтсө да бул окуя жүрөгүмө орноп, илимий изилдөөгө алынчу окуяны көңүлүмдө багып келдим. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер