Эсенгул Исаков, экс-депутат: “Эл кимди көздөсө, ошол талапкер тандалууга тийиш”

-- Эсенгул агай, шайлоо системасын өзгөртө турган мыйзам талкууга коюлду. Кошумча-алымчаңыз барбы?
-- Албетте бар. “Кыргызстан пенсионерлер союзу" коомдук бирикменин демилгеси менен Октябрь районунун мамлекеттик администрациясынын "Таберик" залында аталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрдүк. Жыйынтыкталган сунуштарды Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорун жазган авторлорго жибердик.
-- Бул мыйзам долбоорунда аялдарга жеңилдиктер бар экен. “Эми 90 депутаттын 30у аял болот экен” деген кептер айтылууда. Бул нерсе реалдуу ишке ашабы?
-- Аялдар квотасын кепилдеп, “30 аял депутат болот” деп жазылып турат. Эгер мыйзамда жазылгандай болсо, улуттар, жаштар квотасын алып салуу керек. Себеби, Кыргызстандын жарандары Башмыйзамдын негизинде бирдей укукка ээ. Демек, эл кимди көздөсө, ошол талапкерин тандайт. Болбосо, улуу муунга, майыптарга да квота киргизүү керек.
"Азия Ньюс" гезити