Акыркы кабарлар
» Коом » Эл жазуучусу Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтүүдө
Эл жазуучусу Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтүүдө
26-апрель, 12:02

Бүгүн, 26-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Бексултан Жакиев 86 жаш курагында коронавирустан көз жумган.
Ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.