Уркуя эжекемдей, Исановдой, “Элим” деп туюм бүрү өнүп чыккан


Мен чоңойгон үйдө балам чоңойду
Турмуштун түйшүктөрүн жеңүү үчүн,
Эртеңдин үмүт данын себүү үчүн.
Мекенден алыс кеттик "тобокел" деп,
Наристелер муктаждыгын берүү үчүн.
Кимге эле ата-энеден кетүү оңой?
Жети атаң тааныбаска жетүү оңой?
Мекенден алыс болуу оюн эмес,
А кимге өз элиндей батуу оңой.
Жаш келин, күлгүн курак ойноп-күлчү,
Туугандан кабар алып, тойлоп жүрчү.
Балдардын ширин кезин сезе албай,
Сагыныч ичтен эзип койбой турчу.
Тамтуңдап баскан балаң "апа" дебей,
Ким каалайт, тириликти бала дебей?..
Ачуу жаш канча акты түн ичинде,
Бала деп, шаар дебей, калаа дебей...
Турмуштун азаптарын тартып бир топ,
Түйшүктүү күндөр агып, ырдан алыс,
Баш ийип, жашоо нугун карай басып,
Бирде дөң, бирде тегиз, кырдан алыс...
Ошентип жылдар акты, сырдан алыс,
Ошентип жылда акты ырдан алыс...
Бактым менин
Тун неберем, бул жашоого келген күн,
Жаратканым бакыт кушун берген күн.
Балдарымдын жытын искеп, кубанып,
Чоң энелик "статуска" жеткен күн.
Бактым менин алыс жүрсө сагынам,
Кусалыктын отуна мен жагылам.
“Жүрөгүмдүн бир бөлүгү, жөжөм” дейм,
Ширинтайым, көздөрүнөн кагылам.
Эки жашың, эки кадам басканың,
Өмүр жолуң эки дөңчө ашканың.
Узак болсун, ашууларын ашкының,
Ден соолукта өсө бергин жаш жаның.
Ата-эне, бир туугандын баркына,
Жетип жаша, кызмат кыла калкыңа.
Ак көңүл бол, жөнөкөй бол, инсан бол,
Кичипейил боло бергин жалпыга.
Чоң энеңе, чоң атаңа ал белек,
Жаш кошулсун, жүздөн ашык жашыңа.
(Чоң энең Махабат Алымкулова.
Екатеринбург шаары, 23.11.2024-ж.)
Жандайым сен
Өзгөчөмсүң, сезим гүлүн терип берген,
Жаратканым түбөлүккө шерик берген.
Өргөм пири, төрдүн көркү, жандайым сен,
Махабаттын аруулугун сээп берген.
Жактырамын жайдарыңкы мүнөзүңдү,
Жанга жагым, эркелетип сүйлөшүңдү.
Жарык берет барың жашоо түндүгүнөн,
Чыгармачыл жубайыңды сүрөшүңдү.
Жабыркасам, көңүлүмдү көтөрүүчүм,
Турмуш жүгүн бирге жонго өңөрүүчүм.
Кубат берип, аяп турчу жалгызымсың,
Түйшүктүү бул өмүр нугун жөңгөрүүчүм.
Жандайымсың, өзүң менен өтөт өмүр,
Зымыраган бойдон ылдам өтөт төгүн.
Неберелер, чеберелер тоюн көрүп,
Уул-келиндер сыйлап турса өсөт көңүл.
Эгиздердей биргеликте өтсүн жашоо,
Сый-урматтуу, бир бүтүндөй кымбат өмүр.
Атакем
Сиз жөнүндө канча жазсам аз болот,
Барыңызда, ызгаар кышым жаз болот.
Пейили кенен, ааламда жок өзгөчөм,
Жоктугуңуз эстегенде жаш толот.
Өмүр жолуңуз текке бекер уланбай,
Элиңиздин сыймыгысыз ураандай.
Билим кенин терең казып окуткан,
Мыкты болуп, өркүндөп кыз-уландар.
Бизге дагы берип жакшы насаатын,
Жашоодогу теңдеши жок устатым.
Жумшак инсан, азар бербей көңүлгө,
Элдин баары барктап ушул сапатын.
Дитин коюп билим берүү тармагын,
Тарбиясын берип өмүр арнаган.
"Эл агартуу мыктысы" деп союз маал,
Инсандыкты атам бийик кармаган.
Эмгектенди, талбай жылдар эсепсиз,
Оратору тарыхты айтса китепсиз.
Кыргызстанда АЧДдан биринчи,
Ар бир айткан даана сөзү сиңет тез.
Түрмөгүнөн тынч койбогон ойлордун
Жаңы апта дагы бир күн уланып,
Жалкоо сезим көккө карай бууланып.
Жаңы саптар, ой тизмегин жаратып,
Бүчүр байлап, ыр саптарга сууланып.
Көөдөн тепкен чыгармалар куюлсун,
Ырахатын, таталы э, күү салып.
Эрк бербейли, убакытты баалайлы,
Жазып сапка жашоонун бак-таалайын.
Ар бир ирмем алтынга ал тете да,
Сөз асылын терең казып далайын.
Өчпөс сезим махабатты даңктайлы,
Жүрөктөгү жаткан сөздүн таамайын.
Акын бере алат ойдун түпкүрүн,
Ар бир сабын ийлеп, сонун көптүрүп.
Байыр алып түнөк алат жүрөктөн,
Жүрсө эгерде талантын э өстүрүп.
Чечендикке жол салганы ошол да,
Сынга сынбай, чыгармасын өткөрүп.
Жаңы апта дагы бир күн уланып,
Көңүлдөрдө эргүү оту тутанып.
Түрмөгүнөн тынч койбогон ойлордун,
Турам бүгүн кубат алып…
Апакем – өздүк күнүм
Тогуз ай көтөрдүңүз төрөлгүчө,
Тартуулап жарык дүйнө өмүр берип.
Абайлап, ак бешикке бөлөнгүчө,
Алдейлеп, уйку көрбөй, көңүл берип.
Ыйлаактын ыйлаагы мен болгон экем,
Конокто ысык чайын ичирбестен.
Балдарың, турбай муңуң толгон экен,
Көзүмдү карап, капа келтирбестен.
Апакем, ашын коюп, мага берип,
Ак жууп, мээнетиңиз теңдеши жок.
Билинбей өмүр суусу ага берип,
Мезгилдер жаңыланып мелдеши жок.
Убакыт өтүп, буюруп апа болдум,
Эркелик, жаштык күндөр артта калып.
Турмушта чиелешкен катаал жолду,
Басамын мен да сизден кайрат алып.
Кайнене болуп, эне небереме,
Кылымды жарым жашап, насип кылды.
Өмүрүм алып барсын чөбөрөмө,
Элүүнүн чыйыр жолун басып калдым.
Өздүк күн, сүрөтүңүз, карай берем...
Апакем, алыс жерде, самай берем...
Ноокатым – ыйык мекеним
Арчалуу тоолору бар, гүл аңкыган,
Карагой, Апшыр-Ата бүт тааныган.
Илбирс, карышкырлары мекендеген,
Куш сайрап баштаганда зоо жаңырган.
Таланттар Ботобайдай өсүп чыккан,
Төкмөсүн эл алдына төгүп чыккан.
Уркуя эжекемдей, Исановдой,
"Элим" деп туюм бүрү өнүп чыккан.
Алмасын аалам билет балдай ширин,
Адашпайм айтсам эгер – алма пири.
Бейиштей жерим кооз, көркөмдүүсүң,
Ак пейил эли, ичте жок бир кири.
Ноокатым, жүрөгүмдүн төрүндөсүң,
Ой жеткис кыялдардын өрүндөсүң.
Ооматтын, берекенин кени сенде,
Эс тарткан кезден ыйык көрүнгөнсүң.
Элиме, жериме мен таазим кылам!
Энчилүү өссүн бийик көрөңгөсү!
Мекеним – менин ыйыгым
Мекеним – менин ыйыгым,
Жол тартам тапсам тыйыным.
Сагыныч жашайт көөдөндө,
Тамырым сыздайт, жыйылып.
Сагындым жашыл адырың,
Гүлдөрүң түркүн жадырап.
Тоолоруң, көркөм бейиштей,
Алыста бийик кадырың.
Ойногон тоонун койнунда,
Нан тиштеп булак боюнда.
Койлорду жайып жайытка,
Бала чак, эх, бир сонун да.
Жаштык кез өттү мекенде,
Кымыздык, ышкын тергенде.
Чындык гүл кошо терчүбүз,
Апабыз тоссо бергенге.
Жыты да сонун аңкыган,
Көрбөгөн адам таңкалган.
Вазага салып койчубуз,
Дүйнөңө буркуп жаз салган.
Мекенди эстеп олтуруп,
Балалык кезге жол куруп.
Саякат тартып келесиң,
Жылуулук жүрөк толтуруп.
Мекенге канча жазсам да,
Асылын сөздүн казсам да.
Кусалык жашайт көөдөндө,
Ыраакта жыргап жатсам да.
Өскөн жер кымбат баарынан,
Тагдыр…
Улуу залкар
(Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат)
Кыргыз элин аалам сизден тааныды,
Жакшы тилек, жакшы ойлор жаадырды.
Таазим кылып талантыңыз күчүнө,
“Кыргыз” деген улут дүйнөгө жаңырды.
Сүйүп окуп, "Ак кемени", "Кыямат",
"Кылым карытаар бир күн" берди тыянак.
"Бетме-бетте", "Жамиляда" каармандар,
Ойлонттурду, ага жазса сыялап.
Тасмалары эл аралап таркалып,
Элден элге өткөн сайын баркталып.
Биз да көрүп, оң тарабын алганбыз,
Таасирленип, ак баракка тарта алып.
Улуу залкар Чыңгыз ата элеси,
Өлбөй-өчпөй көңүлгө нур бересиз.
Түбөлүктүн желбиретип желегин,
Чыгармалары ашып аалам белесин.
Махабат Алымкулова
"Азия Ньюс" гезити











