Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Саламаттык сактоо министрлигине кат жазсам, бир айдан бери жооп бере элек”

Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Саламаттык сактоо министрлигине кат жазсам, бир айдан бери жооп бере элек”

17-март, 14:25
993 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Акылбек Тогузбаевич, бүгүнкү айтканыңызга караганда, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнү колдойт экенсиз. Анын артыкчылыгын сиз эмнеден көрөсүз?

-- Өткөндө бул боюнча билим берүү министри менен да сүйлөштүм. Менин пикирим боюнча, окуучу мектепте он эки жыл бою эле окуп отурбайт да. Бир жылы эки классты бүтүрөт дегендей. Анан чет мамлекеттердеги ЖОЖдорго тапшырганда биздин улан-кыздарыбызга жеңил болот экен. Көпчүлүк өлкөлөрдө 12 жыл. Биз дагы ушундай системага өтөлү десек, биздин кээ бир депутаттарыбыз министрди жактырбагандыктанбы, тескери пикирлерин айтышып, каршы чыгып жатышат. Урматтуу президентибиз дагы, министрликте иштегендер да биздин балдарыбызга, неберелерибизге жакшы шарт түзүүнү, камсыз кылууну ойлошот.

-Этап-этап менен өтүү керек дегенге кандай карайсыз?

-Мына, өзүнчө мамлекет болгонубузга 33 жыл болду, туурабы? Ошол 33 жылдан бери дайын болбосок, анда качан? Азыр эле жаңы келген саламаттык сактоо министрине суроо берсем, “биз “Кыргызформацияга” бирөөнү койдук, иштейт деп үмүт кылып атабыз” дейт. Үмүт кылган менен аткарылбай келатат да. Мына, бүгүнкү күндө дары-дармек жетишсиз. Тендер болбой, мамлекет боорун, бөйрөгүн алмашыргандарды дары менен камсыз кыла албай жатат. Алардын баарын караш керек да. “Үмүт кылып келатабыз, карап атабыз” деген бул шылтоо. Система иштебей жатат бүгүнкү күнү. Президентибиз аракет кылып, көп иштерди алдыга жылдырайын дейт, алдындагы министрлери жакшы иштебей отурушат. Саламаттык сактоо министрлигине кат жазсам, бир айдан бери жооп бере элек. 15 күндө жооп бериши керек болчу. Азыр сурасам, көрүнгөн шылтоону айтып, “мен карай элекмин, карайын” дейт. Мурда стоматология өзүнчө болчу. Бирок, мурдагы министр аны үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен бириктирип салгандыктан, алар мага Ысык-Көл облусу боюнча “мурдагыдай эле стоматологияны өзүнчө бөлүп бергиле” деп кайрылышкан.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер