Акыркы кабарлар
» Саясат » Абсаттар Сыргабаев – “күжүрмөн министр”
Абсаттар Сыргабаев – “күжүрмөн министр”
06-июль, 17:18

Сыртынан караганда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев күжүлдөп, “күжүрмөндүк” менен иштеп жаткандай элес калтырууда. Нарынга барса да костюм-шым кийип алып, аягында сын да укту. Образга кирип алып, катуу аракет кылганын байкап атабыз. Бирок айрым жерлерде жол куруу токтоп калганы, жогортон сөөмөй кеземейинче иштешпегенин да ачык көрүүдөбүз. “Эшек жайлоодон” Кудай сактасын! Эгерде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алып, столду муштабаса баары эле жайылып кетчүдөй го? Абсаттар Сыргабаев чоң тармакта шефинин колдоосу менен гана кармалып тургандай, туурабы? Негизи өз алдынча ой жүгүртүүгө, маанилүү чечим кабыл алууга чамасы келбесе, кыйналат тура. Мунусун да көрөлү.
"Азия Ньюс" гезити