Кыргыз тарыхына, Манаска, эне тилге каршы чыккан ректор К.Кожобековдун кыянаттыгы
Коррупциялашып кеткен ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков президент Садыр Жапаров кол койгон “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “ Улуттук нарк” тууралуу жарлыктарга түшүнбөйбү, же кылмыш иши козголуп, качып жүрүп кайра келген акасы Нурлан Сулаймановго таянып, моюн толгоп, аткаргысы келбейби, айтор, Кыргызстандын тарыхы, Манас таануу, Мамлекеттик тил деген дисциплиналарды университеттин окуу планынан алып, билген намазын божурап жаткан кербези. Убагында Соке көтөрмөлөп билим берүү жана илим министринин орун басары кызматына дайындаганда, аны да жөндөп иштей албай, чоркоктугун даана көрсөтүп койгон. Азыркы ааламдашуу, санариптешүү заманында даярдалган адистерди өлкөбүздүн мыкты жараны, патриоту болууга тарбиялоо максатында бул дисциплиналар окуу стандарттарына киргизилген. Анын идеологиялык маанисин түшүнбөгөн ректор К.Кожобеков “акмактан жасоол койсо, өз баласынын көзүн чыгара чабат” дегендей болуп, кыргыз тарыхына, Манаска, эне тилине кыянаттык кылып, аларды жулукка тээп, өгөйлөп жатканы кандай?..
"Азия Ньюс" гезити