Алишер Эрбаев, ЖК депутаты: “Алты баланын өмүрү, өлүмү боюнча сөз уланды...”


-- Алишер Ташбаевич, баягүнү комитетте билим берүү министринин орун басары менен кер-мур айтыша түшкөнүңүзгө күбө болдук. Сиз өзүңүз мугалим менен педагогдун айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?
-- Көбү мугалим менен педагогдун айырмасын билбейт. Мугалим – бул бир предметтен гана берет. Педагог болсо жалпы түшүнүк. Жөнөкөй тил менен айтканда, мугалим – бул дарак, педагог – мөмөлүү дарак. Биздин билим берүү жаатындагы мыйзамдарды карай турган болсок, ал жерде эки түшүнүк бар. Мугалим, анан педагог деген. Ал эми министрдин орун басарынын баяндамасынын баарында педагог деп эле айтылып атат. Мугалимдер калып калды. А бизде басымдуу бөлүгү мугалимдерден турат. Биз чаташтырбашыбыз керек. Кеп педагог менен мугалимдин ортосунда эмес, алты баланын өмүрү, өлүмү боюнча болду. Мамлекеттик машина эмне үчүн иштебей калды? Ар бир жарандын өмүрү биз үчүн баалуу.
-- Министрдин орун басары “мени басынтпаңыз” деп сиздин сөзүңүзгө капа болгонсуп калды окшойт...
-- Капа болсо мамлекеттик жумушка келбеши керек. Биз деле отуз жылдап мамлекеттик, саясый иштерде иштеп келатабыз. Бул таарына турган жер эмес. Министрдин орун басары болгондон кийин ушундай жагдайларды жатка билиши керек. Бул анын наны.
"Азия Ньюс" гезити











