Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова, блогер: “Аткаруу бийлигинде айымдар жокко эсе болууда”

Чынара Мамажакыпова, блогер: “Аткаруу бийлигинде айымдар жокко эсе болууда”

14-февраль, 20:54
1 221 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, гимндин тексти, музыкасы өзгөрөрү маалым болуп калды. Татыктуу тандоо жасай алабызбы? 

-- Гимндин жаңы текст, обонуна сынак жарыяланды. Каалоочулардын баары катышып, варианттар көп болот. Мен ойлойм, татыктуусу тандалып алынып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

Албетте, азыркы гимн көп жылдардан бери ырдалып, элдин кулагына сиңип калган. Бирок заман алдыга жылган сайын көп нерсе өзгөрөт. Гимн деле ошол нерсе сыяктуу. Мисалы, Советтер союзунда деле гимн, мамлекеттик символикалар сыяктуу атрибуттар өзгөрүп турган. Ошондуктан муну трагедия катары кабыл албашыбыз керек.

-Баса, сиздин демилгеңизди “Ынтымак” фракциясы колдоп, гендердик теңчилик боюнча жакшы талкуу уюшулду. Ал жерде аткаруу бийлигинде айымдар өтө аз экени айтылды. Гендердик теңчилик эске алынбай жатканы боюнча эмнелерди айткыңыз келет?

-- Конституцияда "Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ" деп жазылып турат. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясый же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. Кодулоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат. Бирок, мыйзамда тең укуктуулук жөнүндө так беренелер жазылганы менен саясатта, коомдо, үй-бүлөдө аялдардын жана балдардын укуктары андай деле сакталып жаткан жок. Ошон үчүн аткаруу бийлигинде айымдар жокко эсе болууда.

Кыргызстан эл аралык уюмдар менен түрдүү программалардын алкагында гендердик саясат боюнча бирдикте иштешип, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикеринин алдында аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. Алтургай гендердик теңчиликке жетишүү үчүн 2022-жылдан 2030-жылга чейин улуттук стратегия бекитилген. Ал канчалык деңгээлде ишке ашып жатканы белгисиз. Мындан ары гендердик саясат тууралуу кабыл алынган чечимдерди турмушта толук ишке ашыруунун реалдуу жолдорун издөөнүн үстүндө иш алып барып, жыйынтык чыгарышыбыз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер