“Азырынча парламентти таратып жибере тургандай саясый кризис жок”

-- Соңку убакта өкмөт менен парламенттин ортосунда кайым айтышуулар орун алууда. Бийликтен ынтымак кете баштаган жокпу?
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
-- Өкмөт менен парламенттин ортосунда кайым-айтышуулар бул – демократиянын табияты. Бирок ал конструктивдүү болуш керек. Эл баардыгын билип, түшүнүп турат, ким эмне үчүн бөйрөктөн шыйрык чыгарып турарын.
Бакытбек Жумагулов, эксперт:
-- Өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар мамлекеттик маселелерди жана элдин көйгөйлөрүн талашып, талкуулоосу бул – нормалдуу процесс. Мындай процесстер мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн болуп турушу керек.
Өкмөт менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуулар бийликтен ынтымак кеткенин билдирбейт. Себеби, парламент коалицияны түзүп, өкмөттү кураган жок. Өкмөт мүчөлөрү президенттин сунушу менен куралган. Президент аткаруу бийлигинин башчысы болгон үчүн алардын ар бир аракети үчүн жооп берет. Ал эми парламент өзүнүн Конституцияда, регламентте жазылган укуктарын колдонуп, иштеп жатат. Мамлекеттик маселелер парламенттин ичинен көтөрүлүп, кээде кайым айтышууга чейин жеткен аракеттерин депутаттардын өкмөткө таасир этүү аракети катары бааласак болот.
Эгер өкмөт менен парламенттин тирешүүлөрү жогорку деңгээлге жетип, мамлекетти кандайдыр бир саясый кризиске алып келе турган болсо, өкмөттү же парламентти отставкага кетирүү маселеси жаралат. Эгер чындап ушундай жагдай түзүлсө, президент өкмөттү эмес, парламентти отставкага кетириши мүмкүн. А бирок, азыркы анча-мынча эле пикир келишпестиктер менен парламентти таратып жибере тургандай саясый кризис жок. Эгер чындап эле эки тарап тирешип калса, 2025-жылы мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өтүп калышы ыктымал...
"Азия Ньюс" гезити