Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Хабиб жерибизди жарнама кылган жок, Хасбик болсо резиденциядан уятка калтырды
Хабиб жерибизди жарнама кылган жок, Хасбик болсо резиденциядан уятка калтырды
18-август, 17:17

Өткөн жумада Хабиб менен Хасбик Кыргызстанга келип, сыйлуу конок катары эс алып кетишти. Булардын айынан бийликке карата сын-пикирлер козуду. Коомчулукка өөн көрүнүштөрдү жарыялабай эле тосуп коюшса не? Тескерисинче, Хабибди туризмдин алкагында жарнамага пайдаланып, Ысык-Көлүбүз менен тоолорубуздун кооздугун даңазаласак жарашмак да. Дүйнөлүк коомчулук астында кереметтүү жерлерибизди чагылдырып алмакпыз. Колдогу мындай ыңгайды коё беришти. Ал эми блогер Хасбик мамлекеттик резиденциядан самсы, коланы жерге коюп алып, видео кайрылуу жасап, уят кылганы баш чайкатты. Жадагалса ушул карлик теңсинбегендей манчыркап, сыйды баалабай кеттиби? Намысыбызга келели да.
"Азия Ньюс" гезити