Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Быйыл кышта көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүн”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Быйыл кышта көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүн”

06-ноябрь, 21:47
264 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөрдү колдоо менен өлкө көмүр импортуна болгон көз карандылыктан чыга аларын кеңири түшүндүрүп берди.

-- Быйыл Кыргызстандын керектөөсү 3,3 миллион тонна көмүр болсо, тогуз айдын жыйынтыгында анын 2,2 миллион тоннасы гана казылып алынганы айтылды. Эгер кыш катуу болсо, көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүн экен да? 

-- Бүгүнкү күндө көйгөйлүү маселе жаралып калганда эле көмүр маселесин ойлонуп, көмүрдүн тартыштыгы тууралуу сөз баштап калабыз. Биз дайыма айтып келебиз, көмүр өндүрүп жаткан “Кыргызкөмүр” ишканасынын мамлекеттик статусун өзгөртүшүбүз зарыл. Анткени “Кыргызкөмүрдү” мамлекеттик ишкана катары элестетебиз. Тилекке каршы, бул Кара-Кечедеги эле бир көмүр участогунун базасынын айланасында түзүлгөн ишкана. Мындан тышкары, 300дөн ашык лицензия алган менчик мекемелер бар. Алардын 30га жакыны түндүктө жайгашкан болсо, калганынын баары түштүктө жайгашкан мекемелер. “Кыргызкөмүргө” улуттук бир макам бериш керекпи, айтор, башкача жолдо чечүү шарт. Ага кошуп лицензия алган ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу план түзүлүшү шарт. Ушундай кеңири мамлекеттик ишкана жок бизде. Ушул жагын кеңири кароо – учурдун талабы.

 Бишкек ТЭЦине негизи дагы 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Жалпысынан 3,3 миллион тонна бир жылдык керектөө болсо, тогуз айдын жыйынтыгы менен анын 2,2 миллион тоннасы гана казылган. Анын 1 миллиону түндүк региондордо, 1,2 миллион тоннасы түштүк аймакта. Быйылкы керектөөнү жабуу максатында министрлер кабинети 400 миң тонна көмүрдү тендери жок Казакстандан сатып алууну көздөп жатат. Бул, албетте, сатуучу тарап өзү каалагандай тартип, эреже, наркта берет дегенди түшүндүрөт. Эгер биз азыр 400 миң тонна көмүрдүн бир тоннасын 100 доллардан эле ала турган болсок, 40 миллион доллар короткону турабыз. Бул акчанын жарымын, жок дегенде 10 миллионун жаздан баштап эле бөлүп, жергиликтүү көмүр казуучуларды колдоого жумшасак болмок. Мисалы, Кабак көмүр бассейнинде учурда 23 жеке ишкана көмүр казып келет. Алар "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен консорциум түзүп, быйыл Бишкек ТЭЦин 1 миллион 50 тонна көмүр менен камсыздоого милдеттендирилген. Мына ушундай аракеттер эртелеп жасалып, жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөрдү колдосок, мамлекет импортко болгон көз карандылыктан чыгат эле.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер