Рахат Жунушбаева: “Быйыл Кыргызстанда биринчилерден болуп лифттерди кыргызча сүйлөттүк”
“SKY Industrial Group” компаниясы үчүн 2024-жыл жетишкендиктердин жана жаңы горизонттордун жылы болду” деди компаниянын негиздөөчүсү, жеке ишкер Рахат Жунушбаева маалымат жыйынында. Жылды ийгиликтүү жыйынтыктап, жаңы жылга чоң максаттар менен кадам таштап жаткан “SKY Industrial Group” компаниясынын жетекчиси Рахат Жунушбаеваны кепке тарттык.
-- Рахат айым, Ынтымак Ордого, мамлекеттик ипотекалык компаниялар курган үйлөргө жана «Алтын балалык» балдардын медициналык-реабилитациялык комплексине да сиз жетектеген заводдон чыккан лифттер коюлуптур. Бул лифттердин сапатына, коопсуздугуна кепилдик барбы?
-- Ири мамлекеттик курулуш долбоорлору үчүн биздин заводдун лифттери тандалганы биз үчүн чоң жетишкендик болду. Лифттердин сапаты, коопсуздугу эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Ошондой эле коопсуздук кепилдиги да бар. Биз лифттердин сапатына гана эмес улуттук өзгөчөлүктөргө да көңүл буруп, быйыл Кыргызстанда биринчилерден болуп лифттерди кыргызча сүйлөттүк. Мындан ары бизден чыккан лифттер кыргызча сүйлөйт жана анда кыргыз күүлөрү жаңырып турмакчы. Биз иш алып барып жаткан негизги маселе бул – лифттерди башкарууну бир тутумга чогултуп, диспетчеризация уюштуруу. Азыркы күндө өлкөдө жалпы 5 миңден ашык лифт иштеп жатат. Алардын 80 пайызында диспетчеризация жок. Буга чейин лифтте камалып калган адам диспетчер менен байланыша албай, бир суткалап ал жакта калып калган учурлар да болгон. Биз бул диспетчеризацияны «Коопсуз лифттер» деген долбоор менен чоң мониторинг борборун түзгөнгө аракет кылып жатабыз. 2025-жылы бул биздин Бишкек мэриясына болгон сунушубуз болот. Мониторинг борборунда диспетчерлер 24 саат бою байланышта болуп, бузулуп же токтоп калган лифтти аралыктан эле калыбына келтирип койсо болот.
-- Кадрларды кандай критерий менен тандайсыздар?
-- Бүгүнкү күндө ишканада 150дөн ашык кызматкер эмгектенет. Лифт жасоо үчүн жогорку квалификациялуу адистер талап кылынат. Тилекке каршы, бул маселени чечүүдө Кыргызстандагы бир да жогорку окуу жай адистерди даярдап чыгарбаптыр. Ошондон улам, биздин компания өзүнүн окуу борборун ачып, адистерди даярдап чыгарууну колго алдык. 2025-жылы ишке ашырабыз деп турабыз. Алдыда дагы көп долбоорлор, пландарыбыз бар.
-- Сиз “лифттер кыргыз тилинде сүйлөйт жана кыргыз күүсү жаңырат” дедиңиз, бул кимдин идеясы?
-- Албетте, биздин компанияныкы. Бул идеянын үстүндө инженерлер менен эки жыл иштедик. “Кыргыз радиосуна” кайрылып, белгилүү дикторлордун үндөрүн жаздырдык. Ошондой эле лифттерге белгилүү комузчулардын күүлөрү коюлду.
-- 2024-жылы канча лифт чыкты?
-- Кыргызстанда 150 лифт чыкты. 2025-жылы муну эки эсе көбөйтөлү деп жатабыз.
-Саркынды сууларын тазалаган өндүрүштү да колго алыпсыз. Муну менен экологияны сактоого салым кошууга багыт алдыңызбы?
-- Өлкөбүздөгү чоң көйгөйлөрдүн бири саркынды суулар экендиги талашсыз. Айрыкча Бишкек шаарында, туристтик маалда Ысык-Көл облусунун курорттук зоналарында пансионаттардан чыккан саркынды суулар жерге же көлгө сиңип, экологияны гана булгабастан, жер кыртышына да зыянын тийгизүүдө. “SKY Industrial Group” компаниясы бул көйгөйдү чечүүгө салым кошуу максатында 2024-жылдын жаз мезгилинде “Скай Тунук” тазалоочу өндүрүш куралдарын ишке киргиздик. Бул Кыргызстанда экологиялык таза сууну кайра иштетүү боюнча инновациялык чечим болду. Жаратылышты таза сактоо – суу ресурстарына болгон жоопкерчиликтүү мамиледен башталат. “Тунук” тазалоочу өндүрүш куралдары саркынды сууларды кайра иштетип, экосистема үчүн коопсуздукту алып келет.
Ири мекеме, ишканалардан тышкары жеке үй ээлери же беш адамдан кем эмес үй-бүлө мүчөлөрү жашаган жарандар жана чакан ишкана ээлери да “Скай Тунук” курулмаларын орнотуп, саркынды сууларды балык өстүрүүгө, огородун сугарууга же кайра эле ажатканага же башка керектөөлөрүнө пайдалана алышат. Өз кезегинде мындай ыкма өзгөчө жай мезгилинде ичүүчү жана сугат суулар тартыш болгон мезгилде же сууну сарптагандыгы үчүн акы төлөөнүн баасы кымбаттаган, суу эсептегичтер аркылуу өлчөнгөн мезгилде суу менен акчаны үнөмдөөгө жана Кыргызстандын дарыяларын жана көлдөрүн таза сактоого чоң өбөлгө түзөт.
-- Кызматташтык кайсы мамлекеттер менен бекемделип жатат?
-- KITA менен меморандумга кол коюлду, Түштүк Корея менен эл аралык өз ара тыгыз байланыштарга жаңы жол ачылды. Россия Федерациясынын соода өнөр жай палатасы менен кызматташып, алар биздин лифт куруу жана “Тунук” тазалоочу жабдууларын өндүрүүдөгү потенциалыбызды жогору баалашты. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү этап болду.
"Азия Ньюс" гезити