Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Ажылыкты бизнеске айлантпаш керек”
-- Алишер мырза, бир кесиптешиңиз мобилдик байланыштын ар бир абонентинен күнүгө 50 тыйындан садага жыйноону сунуштады. Сиз буга кандай карайсыз?
-- Албетте, ар бир кишинин өз ою бар. Бирок, мен өз пикиримди айта турган болсом, бул туура эмес кадам. Садага – милдеттүү түрдө берилбей турган нерсе. Аны чын ыклас менен ниет кылган адам өз ыктыяры менен берет. Андыктан, мен “милдеттүү түрдө берилсин” дегенге каршымын. Бизде дин тутуу эркиндиги бар. Өлкөбүздө мусулмандар менен кошо башка динди тутунган да жарандар жашайт. Алардын укугун кантебиз? Ошондуктан, бир сөз менен айтканда, бул болбогон, ишке ашпай турган нерсе.
-- Дин демекчи, комитетте ажылык маселеси боюнча аябай чоң талкуу жүрдү. “Ажылык сапарды жеке менчик турагенттиктерге бериш керек” деген да сунуштар айтылды. Сиздин оюңузча, ажылыкты уюштурууну жеке менчик турагенттиктерге берген туурабы?
-- Ажылыкты бизнеске айлантпаш керек. Ажылык – бул ыйык парз. Мусулмандардын дин башкармалыгы өздөрү чечим чыгарып, дин иштери боюнча комиссия өз көзөмөлүнө алып, иштеп атышат, беш миллион эмес, 5 миллиард доллар акча түшсө да биз аларга аралашпай эле койгонубуз оң. Ар ким өз жумушун жасаганы жакшы.
"Азия Ньюс" гезити