Турсунбек Акун: “Кыргызстан демократия аралчасы” деген атыбызга доо кетирбей сактап калалы”


Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун учур кырдаалына жараша калыс ой-пикири менен бөлүштү.
-- 10-декабрь адам укугун коргоонун эл аралык күнү болду. Чынын айтыңызчы, Кыргызстандагы адам укугу, эркиндиги одоно бузулган учурлар барбы?
-- Адам укугун коргоонун жалпы декларациясы 1948-жылы 10-декабрда БУУ тарабынан кабыл алынган. Орто Азия боюнча “Кыргызстан демократия аралчасы” деген атка конгонбуз. Эми ошол атыбызга доо кетирбей сактап калышыбыз керек. Кыргызстанда адам укугу, эркиндиги бузулган дагы жагдайлар бар. Маселен, 2022-жылдын октябрь айынан баштап коомдук ишмерлерге, саясатчыларга, укук коргоочуларга, журналисттерге карата массалык камоолордун орун алышы, соттордун алтынчы, демалыш күндөрү түн ортосуна чейин создугушу – бул Конституцияга, эл аралык мыйзамдарга да каршы келет. Муну баса белгилеп коёлу. Ошондой эле мамлекет өз көз карашын эркин билдирген кээ бир атуулдарды жарандыктан чыгарып эле койбостон, өлкөдөн күч менен кууп жиберген учурлар да кездешти. Бул нерсе мени укук коргоочу катары өкүнтөт. Тынч жыйындардын эркин болбой чектелип жатканы, Конституцияны, мыйзамдарды жана эл аралык келишимдерди бузганга барабар иштер да орун алган учурлар бар. Азыр аларды өткөрүүгө каршы мораторий жарыялап жатышы Конституцияга каршы келет. Кыргыз Республикасы муну менен мурда кол коюлган баардык эл аралык конвенцияларды, келишимдерди бузуп жатат. Бул нерсе өлкөгө аброй алып келбейт.
-- Бийликтин кайсы аракеттерин адам укуктарын бузууга багытталган деп кесе айта аласыз?
-- Мисалы, “Мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандыктарды уюштурууга аракет кылды” деген берене менен кармап, аларды камап, кылмыш жообуна тартып жатышы эч бир мыйзамга туура келбейт. Муну менен азыркы укук коргоо жана сот органдары Конституциянын 32, 33, 39-статьяларын жана Адам укуктарынын жалпы декларацисынын 18, 19, 20-статьяларын одоно бузуу болуп саналат.
Ошондой эле ишкерлердин кармалышы, анан чоң акча төлөп бошонуп кетип жатышы эч бир мыйзамга туура келбейт. Алар камалып эле тим болбостон, Кылмыш-жаза кодексинин негизинде сот аркылуу татыктуу жазасын алып, белгиленген жазасын аягына чейин өтөп чыгуулары керек деген ойдомун.
Адвокаттардын камалып жатышы дагы одоно мыйзам бузуу катары саналат. Кыргызстандын буга чейинки тарыхында адвокаттарды камоо жана кылмыш жообуна тартуу болгон эмес. Бийлик жана тийиштүү укук коргоо органдары мындай мыйзамсыз аракеттери менен “укуктук, демократиялык мамлекет” деген атыбызга шек келтирип жаткан жоопкерчилигин сезиши керек. Депутаттыкка талапкерлердин кармалып, камалып жатышы Конституцияга, мыйзамга туура келбей турган иш. Мындай мыйзамсыз аракеттер дагы өлкөнүн тарыхында мурда дээрлик болгон эмес эле. Анткени алардын шайлоо аяктаганча кол тийбестик статусу бар экендигин эстен чыгарбашыбыз керек.
Камакта жаткандардын кыйноого алынышы, адам чыдагыс жерде мыйзамсыз кармалышы, өз денесине өзү кол салышы эл аралык келишимдерди Кыргызстан одоно бузгандыгынан кабар берет. Ошондой эле камакка алынган жарандардын өз өмүрүнө кол салышы же камак жайында өлүмгө кабылышы эл аралык конвенцияларды Кыргыз Республикасы тепсегени да. Буга мисал башкаларын айтпаганда дагы Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай), Марат Казакпаевдин, Бакыт Асанбаевдин түрмөдөгү шектүү өлүмдөрүн айталы.
-- Бирок, бийликтегилер “элдин турмуш абалын жакшыртыш үчүн темирдей тартип керек” деп буга окшогон аракеттерин тартипке чакырууга жасалган иш катары сыпаттайт го? Буга не дейсиз?
-- Бул жагынан бийликтин өкүлдөрүнүн айткандарын мен да туура көрөм. Мыйзамды Кыргызстандын баардык жарандары аткарышы керек. Антпесе тартип сакталбайт. Ошон үчүн бийлик өкүлдөрүнүн, президенттин айткан сөзүндө негиз бар. Анткени, өзүңөр билесиңер, Кыргызстанда үч жолу башаламандык болуп, бийлик алмашып, канчалаган адамдар бул дүйнө менен кош айтышты... Өлкөбүз чыгымга учурап, имараттарга зыян келтирилди. Ушундай жагдайлардын алдын алуу үчүн бийлик темирдей тартип керектигин айтууда.
-- Темирдей тартип орносо, жарандык коом, бейөкмөт уюмдар, оппозиция муунуп, эркиндиги чектелип калбайбы?
-- Темирдей тартип бир жагынан мыйзамды сыйлоо, жоопкерчиликти сезүүгө алып келет. Бийликти мындай жолго түрткөн да жагдайларды жакшы билем. Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коом, оппозиция биригип алып, ар бир жумада “Реакция-1”, “Реакция-2” деген митинг, пикеттерди уюштуруп, бийликти иштетпей, “Соке кет” деген талаптарды коюп, бир топ тоскоолдук жаратышкан. Жума сайын пикет, митинг уюштурганды адатка айланткан топ укугун ашкере пайдаланып, тынч жыйындардын, оппозициянын, жарандык коомдун да баркын кетирген. Жыйынтыгында, “мен кыйынмын” деген жарандык коомдор, өкмөттүк эмес уюмдарга шек келип, патриоттуулук үчүн эмес, гранттын аркасынан жүгүргөнүн далилдеп алышты. Ошон үчүн бул жагынан бийлик өкүлдөрүнүн айтканына макул болууга аргасызбыз. Мен түпкүлүгүндө каршы көрдүм, пикет, митинг уюштурууга ушул нерселер негиз жаратты.
-- Ошондо бийлик митинг, пикет уюштурууга мораторий жарыялап туура кылдыбы?
-- Бийлик мораторий жарыялап туура кылбаса дагы, ошол кездеги жарандык коом менен оппозиция өкүлдөрү бийликти ошол жолго түрттү. Чынында демократия дагы мыйзамга негизделиши керек. “Демократия” деп эле жарандык коом да, бейөкмөт уюмдар, оппозиция дагы өзүнөн кете бербеши керек. Укуктуу демократия болуш керек. “Демократпыз” дегендер дагы мыйзамды туу тутуп, бийликти сыйлашы шарт. 1000-2000 киши чыгып алып эле “президент, өкмөт отставкага кетсин” десе эле бийлик алмаша бербеши абзел. Бийлик 5 жылга шайландыбы, мөөнөтүнүн аягына чейин иштесин. Кандай иштесе дагы мөөнөтү бүткүчө шарт түзүшүбүз зарыл. Анткени, укуктук өлкө ызы-чуудан алыс туруп, мамлекеттүүлүктү баарынан жогору коюп, мыйзамды сыйлаганды үйрөнөлү. Кыскасы, чыдашыбыз керек. Мөөнөтү бүткөнчө президент жакшы иштеп кетсе, эл деле добуш менен кайра шайлайт. Жаман иштесе, башкаларды тандайт. Бийлик алмашууну мына ушундай тынчтык жол менен өткөрүүнү камсыздашыбыз керек.
-- Айтканыңызга ынаналы, азыркы бийликтин мактоого ала турган жактары барбы?
-- Бар. Калыстык үчүн жакшы жагын дагы айтып коёюн. Өлкөдө стабилдүүлүк орноп, башаламандыктар, мурдагыдай революциялар кайталанбай, элибиз тынч турмушта жашап баштады. Стабилдүүлүк орноду. Жумуш орундары түзүлүп, жарандарыбыз иш менен камсыздалып, мигранттар өз өлкөбүзгө кайтып келе баштады. Ошондой эле тышкы карыздар дагы төлөнүп, экономикалык жана социалдык маселелердин чечилип, көпчүлүк жарандар ыраазы болушууда. Мектептер салынып, жолдор оңдолуп, социалдык объектилер курулуп жатканы дагы мактоого арзыйт. Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү күчтөндүрүлдү. Көптөгөн техникалар сатылып алынды. Кемпир-Абад чырына карабастан Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Коррупцияга каршы күрөштүн жанданышы, канчалаган коррупционерлер камалып, айып пул төлөп, тиешелүү жазасын алып чыгып жатканы дагы күрөш күчүндө экенин айгинелейт. Эң башкысы, алардын казынага төккөн акчасы менен өлкөнүн бюджетине жеңилдик болуп, көптөгөн мамлекеттик курулуштур курулууда. Ошондой эле криминалдарга каршы күрөштүн уланышын да кубаттайлы. Көлбаевди эч соту же тергөөсү жок атып салганын колдобогонум менен жалпы эле криминалга каршы күрөш жүрүп жатканы жакшы көрүнүш катары баалайм.
"Азия Ньюс" гезити











