Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » 37 жаштагы жигитти жактырып калдым, бирок апамды кантем?..
37 жаштагы жигитти жактырып калдым, бирок апамды кантем?..
09-октябрь, 17:28


Жашым 22де. 37 жаштагы балага турмушка чыксам, өкүнүп калбаймынбы? Бала такыр үйлөбөгөнүн билем. Көп жыл мурун анын сүйлөшкөн кызын ата-энеси башкага узатып жибергенден кийин баарынан көңүлү калып, иштеп жүрүп, 37ге келиптир. Жүрүм-туруму, адамгерчилиги жакшы адам. Ал бала “үйлөнөлү” деп жатат, бирок менин апам каршы, а туугандар болсо “жашы маанилүү эмес, эң башкысы адамгерчилик” деп жатышат. Менин да көңүлүм бар, бирок апамды кыя албайм...
Айбийке
"Азия Ньюс" гезити











