“Коомдо акылмандар үндөбөсө, популисттер сүйлөшөт тура”


-- Булганбаган интеллигенцияда, билимдүү жаштар арасында мыкты адистер көп эле. Эмне үчүн бийликтин кадр саясатын жакшыртууда татыктууларды электен өткөрбөйбүз? Ушул багыттан алганда, акыл айтчулардын үндөбөй турушканы да кандай?..

Рамазан Дырылдаев, укук коргоочу:
-- Азыр Кудай жалгап, билимдүү жаштар көбөйдү. Чет мамлекетте окуп, иштешип, өзүн өзү каржылагандар арбын. Мени жаштарыбыздын мээнеткечтиги, изденгени, өзүн өстүргөнү кубантат. Мына ошондой өзүн ар тараптан өстүргөн, жүрөгү таза, дили ак жаштарды кызматка тартса, алар чын дилинен иштеп беришмек. Анткени, жаштардын арасында патриоттор көп. Алар өнүккөн мамлекеттердей өсүп-өнүгүүнү каалашат. Ошон үчүн жыдып калган кадрларды кармап отура бербей, жаштарды кызматка тартып, мүмкүнчүлүгүн мамлекетти өнүктүрүүгө пайдалансак, эл үчүн да, мамлекет үчүн да жакшы болмок.
Бийликтегилер дагы тууган-уругун эмес, билимдүү жаштарды кызматка тартышы керек. Жумуш менен камсыздап, үйлөнгөнүнө шарт түзүп, кыргыз элинин санын көбөйтүүнү колго алышыбыз шарт. Болбосо, иш издеп башка мамлекеттерге кете беришсе, көбөйө албай калабыз. Келечек жаштардыкы. Ошон үчүн аларды дагы көз жаздымга калтырбай кызматка тартуу парз.
Кадр саясатын адилеттүү жүргүзүп, акылы тунук жаңы муунду ынандырып, мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кылдыруунун жолун издейли.

Чынара Мамажакыпова, «Тынчтык» партиясынын төрайымы:
-- Кыргызстанда билимдүү, таза, жоопкерчиликтүү жаштар көп, бирок бийликтин кадр саясаты аларды көрбөйт. Себеби, системанын электери бузулган ишеним, тааныштык, жеке кызыкчылыктарга байланганбы? Натыйжада, кызмат акылдууларга эмес, ыңгайлууларга берилет.
Интеллигенция болсо көбүнчө унчукпай, четте турат. Акылмандар үндөбөсө, популисттер сүйлөшөт тура. Коом акылга эмес, ураанга ишенип калганда, мамлекеттин багыты бүдөмүк болот.
Өзгөрүү үчүн эң оболу кадр тандоодо адилет системаны түзүү жана интеллигенциянын үнүн кайра угузуу керек. Таза акыл – бул оппозиция эмес, улуттун абийири. Бийлик да, коом да акылды угууга үйрөнмөйүн, өнүгүү жаралбайт.

Төрөбай Колубаев, серепчи:
-- 32 жылдан бери кызматта баягылар эле жүрүшөт. Келген бийлик менен тил табышып алгандардын эле күнү тууганы кызык. Маселен, Акылбек Жапаров акылдуу болуп Кытайда жүрөт. Керектүү жерден кеңешин берип жатат. Жогорку Кеңешке баягы эле кошоматчылар, талтайгандар, тагыраагы, ким бийликке келсе, “мен силер менен” дегендер жанталашып талапкер болушууда. Ушундай адамдар кызматка жанталашып атканда, башкалар эсепке алынбайт экен да. Сыягы, бийликке түз сүйлөгөндөр эмес, кошоматты катыра кылгандар жагып жаткандай...
"Азия Ньюс" гезити











