Жашоодо эки гана жол бар: жакшылыктын, анан жамандыктын жолу. Ар бир адам ошол экөөнүн бирин тандап алат


Миң чакырымдык жол да биринчи кадамдан башталат.
(Лао Цзы)
Жол адамды кеңейтпейт, адам жолду кеңейтет.
(Конфуций)
Абийириң таза болсо, өмүр жолуң кандай таттуу, кандай даамдуу!
(Григорий Сковорода)
Улуулукка бир гана жол бар, ал жол азап-тозок аркылуу өтөт.
(Альберт Эйнштейн)
Дайыма эң оор жолду тандагыла, ал жакта атаандаш аз болот.
(Шарль де Голль)
Эгер адам өзүн тапкысы келсе, бүт дүйнөнү айланып келиши керек.
(Виктор Франкл)
Адам өзүн табышы үчүн өз чечимин кабыл алып, өз жолун басып өтүшү керек.
(Билл Каулитц)
Жашоодо эки гана жол бар: жакшылыктын, анан жамандыктын жолу. Ар бир адам ошол экөөнүн бирин тандап алат.
(Лука (Войно-Ясенеций)
Гүл төшөлгөн жол эч качан атак-даңкка алып барбайт.
(Жан де Лафонтен)
Бакытка алып барчу жол болбойт: бакыттын өзү жол.
(Уэйн Дайер)
Максатыңа жеткен кезде жолдун өзү максат болгонун түшүнөсүң.
(Поль Валери)
Түз болуп көрүнгөн жолдор бар, бирок алар акыры өлүмгө алып барат.
(Соломон III)
Басып өткөн жолуңдун өзү сыйлык.
(Стив Джобс)
Чыныгы жол – бул акыйкаттын, боорукерликтин жана сүйүүнүн жолу.
(Индира Ганди)
Эчтеке күтпөгөн адам жолго аттанат.
(Виктор Цой)
Биз жакшы жолду билсек да жаманын тандап алыбыз.
(Еврипид)
Эгер эркектин автоунаасы болсо, аялдын жүрөгүнө алпарчу узак жол кыскара түшөт.
(Константин Мелихан)
Коопсуз жолго чабал кишилерди гана аттантышат.
(Герман Гессе)
Философтор дүйнөнү канчалык түшүндүрүүгө аракет кылышпасын, алардын баары өз жолун Кудайдан башташат, же ага барышат.
(Андрей Лаврухин)
Жакшылыкка чакырган адам башкалар анын жолун таштардан тазалап коёт (!) деп күтпөшү керек, атүгүл кимдир бирөө жолуна таш төшөп койсо да муну сабырдуулук менен кабыл алууга тийиш.
(Альберт Швейцер)
Максатың канчалык бийик, маанилүү болсо, ага алпарчу жол да ошончолук кыйын жана азаптуу болот.
(Рухолла Мусави Хомейни)
Же мен өз жолумду табам, же өзүм жол салам.
(Филип Сидни)
Өз каталарыңды оңдоо менен сен өз жолуңду табасың, бирөөлөрдүн каталарын оңдосоң, алардын жолуна түшөсүң.
(Стас Янковский)
Жолду жакшы көргөн киши өлүмдү да жакшы көрүүгө тийиш, анткени, өлүм деле жол эмеспи.
(Игорь Павлюк)
Ичкен киши – бузулуунун жолуна түшкөн киши.
(Джефри Чосер)
Ар кимдин өз жолу бар. Кимдир бирөө үчүн ал булочка саткан дүкөнгө барып келген жол болсо, башка бирөө үчүн жер жүзүн түрө кыдырган жол.
(Константин Хабенский)
Геометрияда “падышанын жолу” деген болбойт.
(Египет падышасы Птолемейдин “геометрияны үйрөнүүнүн жеңилирээк жолун үйрөтпөйсүзбү?” деген суранычына Евклиддин жообу)
Жолдун кандай басып өтүлгөнү мерчемдүү жерге жеткенге караганда да маанилүү.
(Роберт Льюис Стивенсон)
Тагдыр – бул жол, ал биз кабыл алган чечимдердин натыйжасы менен аныкталат.
(Алексей Христинин)
Бул жашоодо оор жол бар, анан туура эмес жол бар.
(Александр Журба)
Жылдыздарга барчу жол көп жылдык камак аркылуу өтөт. Астронавтика түрмө жыттанат.
(Станислав Лем)
Билим – Кудайга алпарчу жол. Илим аркылуу биз Кудайды табабыз.
(Бауыржан Карасаев)
Эгер эмне кыларды билбей калсаңар, кыймылдап, аракеттене баштагыла. Жол процесс учурунда табылат.
(Алексей Христинин)
Ал дыйкан болобу, же падыша болобу – жарык дүйнөгө келген ар бир адамдын жолу өлүмгө алып барат.
(Абылкасым Фирдоуси)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











