Акыркы кабарлар
» Коом » Пневмония болгондор былтыркыга караганда 24%га көбөйдү
Пневмония болгондор былтыркыга караганда 24%га көбөйдү
21-июль, 11:40

Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, быйыл жыл башынан бери 16 миң адам пневмония болуп ооруду. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,3%га көп.
Өпкөсү кагынып ооругандар Нарында өсүп, аталган облуста 2020-жылга караганда 1,7 эсе көбөйгөн. Андан кийинки орунда Чүй, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаары турат. Ошол эле учурда пневмония болгондор Баткенде 25,3%, ал эми Таласта 20,1%га азайган. Адистер коронавирус пневмонияны козгоп-күчөтөрүн белгилешет.
Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндө COVID-19 вирусунан дагы тогуз бейтап көз жумду. Бул оорудан мерт болгондордун жалпы саны 2205 адамга жетти. Вирус соңку бир суткада дагы 1102 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 827 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 152 миң 709 адамга жетти. Андан 128 миң 905 бейтап айыкты.