Балдардын ич өткөк оорусу өлүмгө чейин жетелейт
Айрым энелер ашыкча инфекциядан улам балдары ич өткөк оорусуна кантип кабылганын билбей калышат. Баланын терисин кургатып, жада калса өлүмгө чейин жетелеген коркунучтуу дарт боюнча Ат-Башы районундагы аймактык оорукананын балдар бөлүмүнүн башкы дарыгери, педиатр Шакен Мамбеткадырова Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берген.
«Ич өткөк оорусу жугуштуу жана өтө коркунучтуу. Жада калса, ич өткөктөн көп баланы жоготуп алышат. Бул илдеттин алдын алуу үчүн эң биринчи гигиенадан баштоо керек. Көбүнчө кир упчу жана бөтөлкөдөн жугат. Чоңураак балдардын ичи өтүп, кичинекей баланын колун кармаласа да жугуп кетиши мүмкүн. Энелер дааратканадан кийин колун самындап жуушпай, бир-эки жолу чайкап коюп, кирип кетишет. Андай болбойт, ар бир аял таза болушу шарт. Пайдаланган идишти самындап жууп, таза чайкап, көмкөрүп коюу зарыл. Күнүмдүк тиричилигинде кадимки эле гигиенанын сакталбаганы баланын, жалпы эле үй-бүлөнүн ден соолугуна терс таасирин тийгизет», - деди ал.