Китеп жөнүндө өтө кызыктуу фактылар
1. М.Горький төрт миң сөздү бир мүнөттүк ылдамдыкта окуган.
2. Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окучу.
3. Т.Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп, ар бир бетиндеги текстти эстеп калчу. Себеби, ал ыклас коюп, ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн.
4. Ыкчам окуганга караганда, жай окуганда көз тез чарчайт.
5. Адамдардын 95%ы өтө жай окушат – мүнөтүнө 180-220 сөз.
6. Көптөгөн окурмандар сексенинчи бетке чейин окугандан кийин кызыгы кете баштайт.
7. Бир саат окугандан кийин 57-мүнөткө келгенде адамдын көзү чарчай баштайт, ага чейин тынч гана абалда болот.
8. Бальзак жарым саатта эки жүз барак окуган.
9. Китеп окуганда көздөр ар кайсы тамгаларды карап жатып, ар түрдүү элестерди көрөт. Бирок, аларды мээ бир сүрөткө бириктирет.
10. Э.Гаон өзү окуган 2500 китепти так, жатка айтып берчү.
11. Орточо китеп окуу тажрыйбасы бар адам китеп окуганда 12-16-сабына келгенде бир тыныгуу жасайт, ыкчам окугандар 2-4-сапта бир тыныгат.
12. Н.А.Рубакин 250 миң китеп окуган.
13. Мектеп окуучулары бир сап окуганда 20 регрессивдүү кыймыл жасашат, ал эми студенттер 15.
14. Наполеон бир мүнөттө эки миң сөз ылдамдыкта окуган.
15. Адам китеп окуп жатканда көздөрү ар тарапты карай берет.
"Азия Ньюс" гезити