Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Чыныгы алтындын баасын зергер гана билет
Чыныгы алтындын баасын зергер гана билет
30-июль, 08:54
215 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ар бир адамдын жашоосунда эки жакшы күн бар. Өзүнүн бул жашоого келген күнү жана эмнеге келгенин түшүнгөн күнү.
***
Сени баалабаган адамдар тууралуу ойлонуп, көп кайгыга бата бербе. Чыныгы алтындын баасын зергер гана билет. Ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт, сүйлөйт, сүйөт, сүйүлөт жана жашайт. Ар ким өз деңгээлине жараша иш жасайт.
***
Ийгиликтин сыры аз болсо да күн сайын кайталап туруу керек.
***
Сени укпаган чөйрөдө кыйкырып сүйлөгөнчө, сени уккан чөйрөдө шыбырап сүйлөгөн жакшы.
***
Эң жаман сезим – ыйманыңдын алсырап баратканын сезүү...
"Азия Ньюс" гезити