Жомоктор жандана баштады...


Декабрь – кыштын биринчи айы жана жылдын акыркы айы. Бул айда асман мунарыктап, аз гана күндөрү кун нурларын көрөбүз. Бирок декабрда сыйкырдуу нерсе бар. Декабрь айында бардыгы жаңы жыл менен кошо жакшы жашоону, өзгөрүүнү, өзгөчө күндөрдү күтүшөт. Демек, адамдар жомокко ишенишет. Жашоого болгон жаңы кызыкчылык ойгонот.
***
Кайрадан декабрь, жомоктор жандана баштады ...
***
Декабрь – бул дүйнөнүн айрым жерлерине бөлүнгөн чындыктын муздак сыныгы...
***
Жылдын эң сыйкырдуу айын унутулгус кылып өткөрүңүздөр!
***
Декабрдын туруктуу эки шериги – бул күтүү жана үмүт. Эми календардын баракчасы бурулуп, бир кереметке, жаңы башталышка үмүттөнөбүз. Сиздин алаканыңызга түшкөн кар бүртүгү сыйкырдуу болуп, тилегиңизди орундатсын...
***
Декабрь – бул керемет, ички жымжырттык, сырткы убаракерчилик, жагымдуу жумуштар, маанилүү натыйжалар жана кыялдар жөнүндө.
***
Декабрь – сыйкырдуу перилер жерге келип, адамдардын жашоосуна кийлигише турган жылдын айы.
***
Кыштын биринчи айы. Биринчи аяз жаактарды чымчып, кар басып калган жолду миллион асыл таш менен жаркыратсын. Ушул кыш сизди жаңыртып, сыйкырдуу сюрприздерди тартууласын!
***
Асмандан ак кар жаап, бизде декабрь жомогуна болгон ишенимди сиңирип жатат.
"Азия Ньюс" гезити











