Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ар дайым өзүңдү-өзүң тарбиялоону биринчи орунга кой

Ар дайым өзүңдү-өзүң тарбиялоону биринчи орунга кой

02-октябрь, 14:15
2 480 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кылыч Исамамбетовдун “Феникс” китебинен үзүндүлөр)


Кылыч Исамамбетовдун “Феникс” китеби. Бул китепке автордун басып өткөн жолу, башына түшкөн турмуштун сыноолору жана ийгиликтери чагылдырылган. Жеңил жана жеткиликтүү сонун тилде берилген. Шыктандырган цитаталар жана окуялар орун алган. Төмөндө “Феникстен” үзүндүлөр.

Жадагалса уктаганда да денени бош таштап жата албайбыз. Жөн гана бош жатканды үйрөнөлүчү.

Кийинки убакта көйгөй басымдуу болгондуктанбы, уктаганда да эс ала албай калдык.

Биз ылай нерседен тунушубуз керек.

***

Жаңы жашоо баштагың келеби? Биринчи мүнөзүңдү калыптандыр. Жаман ойлордон алыс болуп, максат кой!

***

Кадимки автобус бир шаардан экинчи шаарга барары так болгондой план түз!

***

Сен жашоодо кандай кыйынчылыктарга туш болбо, аны чечишиң керек. Антпесең, бүгүн же эртең сен чечпеген кыйынчылык эки эсе кайтып келерин унутпа!

***

Адам кыйынчылыкка кабылганда көптөр таштап кетишет. Үмүттөрүн үзүп коюшат. Бирок ага дагы ийгилик келерин унутпа! Ошондо ал да сенден үмүтүн үзүп салбасын.     

***

Ар дайым өзүңдү-өзүң тарбиялоону жана мүнөзүңдү калыптандырууну биринчи орунга кой.

Өскүң келсе, жаңы адамдар менен тааныш, чөйрөңдү жаңы адамдар менен толукта. Анткени, алар сени менен жаңы ой, жаңы билим жана жаңы тажрыйбаларын бөлүшөт. 

***

Бул дүйнөгө келүү кимге буюрса, жашоонун кубанычынан да, кайгысынан да куру калбайт. 


Жыт

Дыбырап өткүн жаап өттү. Кандай бүркөлсө, кайра ошондой тез ачылган күндүн нуру айлананы кооздоду. Өткүн топурагы бырыксыган жер бетин чаң басты кылып кетти. Аңкыган теребелге колумдагы  шыбак шыпыргынын жагымдуу жыты кошо кошулуп, көңүлүмдү сергитет.

Ар бир адамдын балалык кезинен башкасы күнүмдүк жаңылык катары унутулуп кала берет экен. Мага да балалык күнүмдөн калган не бир керемет көрүнүш азыр да көз алдыма тартылып, андагы жыпар жыт дагы деле мурдумда турат. Мен бул жытты кадимкидей сагынып, издеп барып кусалыгымды кандырам. 

-- жаркырап аткан тандын жыты;

-- көңкөгө бышкан нандын жыты;

-- чокко бышкан картөшкөнүн жыты;

-- жаңы бышкан сүттүн жыты;

-- жаандан кийинки топурактын жыты;

-- баарынан жагымдуусу – шыбактын жыты.


Шык

Баланын эр жетишине, аң-сезиминин калыптанышына ата-энесинин таасири чоң болору түшүнүктүү. Бирок, инсандын инсан болуп калыптануусуна адам баласынын өзүнүн табиятындагы жөндөм, бир нерсеге болгон умтулуу да чоң роль ойнойт. Тарбияны ата-эне берсе, кандайдыр бир ишти баштоо, аны аягына чыгаруу деген түшүнүк өзүнөн өзү келип чыгат эмеспи. Тестиер кезде устачылыкка абдан кызыктым. Эң башкысы, алакан жайып отурганды түк жактырчу эмесмин. Короо-жайдагы буюмдарды кармалап жатып, колума жакшы бир жыгач урунса, ошондон ээр чаап баштайм.

-- Ой бала, колунду чабасың!

-- Жок, чаппайм эле! “Ушу чоңдор үйрөткөндүн ордуна “жасаба, алба, тийбе” эле дей беришет” деп ичимден күбүрөнөм. Макул, ордуна койдум! Эми эмне кылсам? Кой, өтүк ултарайын...

-- Ой, бала!..

-- Тууй ата!..

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер