Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыздар, күйөө тандоодо көзүңөрдү чоң ачкыла!

Кыздар, күйөө тандоодо көзүңөрдү чоң ачкыла!

20-июнь, 10:50
1 042 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмуш курарда эркектин маңдайында кызыл камчы экени жазылып турбайт. Ошентсе да кээ бир жүрүм-турумуна назар салыңыз. Эгер төмөнкү белгилерди байкасаңыз, кеч боло электе артыңызды карабай качыңыз! 

· Сүйлөшүп жүргөндө эле дайыма көзөмөлдөйт. Телефон чалганда “эмне албайсың?”, үйлөнө элек болсо да “жумуштан канчада чыктың? Үйгө канчада барасың?” деген көзөмөл ал үчүн мүнөздүү. Тилекке каршы, көп кыздар бул көзөмөлдү камкордук катары кабыл алышат. 

· Биринчи жолугушууда эле анын башка адамдарга болгон мамилесине назар салыңыз. Мисалы, тамактануучу жайдагы официант. Ага жасалган орой, үстөмдүк мамиле анын келечекте деспот экенинен кабар берет. 

· Кийген кийимиңизге кийлигишет. Ачык кийинип, боёнуп жүргөнүңүздү жактырбайт. 

· Убактыңызды көзөмөлдөгөнгө аракет кылат. “Бүгүн фитнеске барбай эле койчу, курбуң менен башка күнү жолукчу?” деген суранычтын артында тыкыр көзөмөл башталуусу мүмкүн.

· Дос-курбулардын санын чектегенге аракет кылат. “Тиги досуң мага жаккан жок, ага көп жолукпай эле койчу?” деп бара-бара элден чыгарганга аракет кылат. 

· Кокус таарынышып кетсеңиз, кара күчкө сизге таарынып, күнөөлүү кылганга аракет кылат. Көп учурда мындай эркектер үй-бүлөлүк урушта аялын сабаганы аз келгенсип, “өзүң күнөөлүүсүң, жиниме тийдиң” деген сөздөрдү колдонушат.

· Жигит менен мамиле курууда анын бала чагы тууралуу көп сурап, билгенге аракет кылыңыз. Үй жаныбарларына кандай мамиле жасаганына кызыгыңыз. Мышыкты муунтуп өлтүргөнүн айтып берсе, сактанууга негиз бар. Андай эркектин ичинде зулумдук сезим эбак орногон. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер