Орозодо уктап жаткан механизмдер ойгонуп, дене жаңыча иштей баштайт
Орозо -- табигый табып десек болот. Анткени бул учурда, организмден уулу заттар, шлак жана туздар тазалана баштайт. Себеби, сырттан келген азыктар түгөнгөндө, организм өзүн сакташ үчүн ички элементтер менен азыктана баштайт. Ички элементтер деген эмне? Алар шлактар, туздар жана радикалдык элементтер, вирус жана микробдор.
Андан тышкары, узак убакыт ачка болгондо тамакты сиңирип жаткан энергия-клеткаларды тазалоого сакталат. Адамдын заарасы, тери, деми аркылуу жылдап денебизге толуп калган кирлер чыга баштайт. Мисалы, Орозо учурунда 1 литр заарадан 90 грамм кир, дем аркылуу болсо 150 уулу заттардын түрү чыгат.
Адам эмнеге ооруйт? Организм кир жана шлакка толуп калганда ооруйт. Демек, Орозо бул -- табигый табып деп койсок жаңылышпайбыз. Далилденген табигый факт боюнча, оорулардын көпчүлүгүн Орозо кармап жеңсе болот. Орозо учурунда организмдин функциялары өзгөрүп, тээ тереңдикте уктап жаткан механизмдер ойгонуп, дене жаңыча иштей баштайт. Орозонун медициналык мааниси -- организм сырттан тамак-аш албаганда, өзүнүн ичиндеги заттар менен азыктанууга өтүшү. Бул дегендик организм өзүн-өзү тазалоосу...
Адамзат жылына 3 миллион тонна дары-дармек ичет. Бул канчалаган миллиард сом. Ал эми тамак-ашка кетирген каражат андан да көп. Көбүнчө адамдар туура эмес тамактангандан ооруйт экен. Мына ошого замандаш, Орозо кармоо менен организмди тазалап, сергек болууга жетишет экенбиз. Бул тууралуу Zaman сайты жазды.