Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акча бизди карылыктан куткара албайт. Карылыктан өлүм гана куткарат

Акча бизди карылыктан куткара албайт. Карылыктан өлүм гана куткарат

09-август, 09:00
330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кеп акчада эмес, эмне сатып алганыңда.

(Мэрилин Монро)

Акча эч качан адал болбойт.

(Пабло Эскобар)

Бакытты акчага сатып ала албайсың. Бирок, акча бакытты табууга көмөктөшөт.

(Фредди Меркьюри)

Акчаң болгонго караганда, акчалуулардын үстүнөн бийлигиң болгону жакшы.

(Кенже Сенека)

Секске муктаж киши секс жөнүндө, ачка киши тамак, кедей киши акча тууралуу сөз кылат. Ал эми биздин олигархтар менен банкирлер болсо морал жөнүндө сөз кылышат.

(Зигмунд Фрейд)

Акча бар жерде шайтан бар.

(Петр Столыпин)

Акча бизди карылыктан куткара албайт. Карылыктан өлүм гана куткарат.

(Деннис Хоппер)

Акчасын жоготкон киши көп нерсесин жоготот. Досун жоготкон андан да көбүрөөктү жоготот. Ал эми ишенимин жоготкон киши баарын жоготот. 

(Элеонора Рузвельт)

Мен акчасы бар жарды адам болуп жашагым келет.

(Пабло Пикассо)

Акча дайыма болуп келген. Чөнтөктөр гана алмашып турат.

(Гертруда Стайн)

Акча бакыт алып келбейт. Менин азыр 50 миллионум бар, бирок 48 миллионум бар кезде кандай болсом, азыр деле ошондоймун. Бактылуурак болуп кеткен жерим жок.

(Арнольд Шварценеггер)

Келесоолор акчаны таштандыга айлантышат. Алхимиктер болсо таштандыны акчага айлантышат.

(Роберт Кийосаки)

Бакыт акчада эмес болсо, анда кошунаңа берип сал.

(Жюль Ренар)

Акчаны шамалга чачса болот, эгер шамал сен жакты көздөй согуп жаткан болсо.

(Мэрилин Мэнсон)

Акылдуу киши акчаны жүрөгүндө эмес, башында сактайт.

(Джонатан Свифт)

Акчаң бар кезде гана «бакыт акчада эмес» деп айткан жеңил болот.

(Борис Крутиер)

Дегинкиси, мен миллионерлерге каршымын. Бирок, мага «миллионер бол» деп сунуш кылышса...

(Марк Твен)

Кээ бир кишилер ушунчалык жарды, алардын акчадан бөлөк эчтекеси жок.

(Патрик Мегер)

Арам акча бат жок болот.

(Чак Паланик)

Акылдуу адам үчүн акча – бул каражат, келесоо үчүн – максат.

(Пьер Декурсель)

Ага «акылды же акчаны танда» деп сунуш кылышты. Ал акылдуу адам катары байлыкты тандады.

(Мечислав Шарган)

Акчанын тилинде сүйлөгөн кишини дүйнөнүн бардык өлкөсүндө түшүнүшөт.

(Афра Бен)

Капиталдын улуту болбойт.

(Карл Маркс)

Эгер акчаң жок болсо, сен дайыма акча жөнүндө ойлоносуң. А эгер акчаң бар болсо, акчадан башканы ойлобой каласың.

(Пол Гетти)

Бакытты акчага сатып ала албайсың, бирок ижарага алсаң болот.

(Америка накылы)

Акчасы аз киши жарды эмес, тойбос киши жарды. 

(Сенека)

Бирөөдөн карыз алган сайын сен өзүңдүн келечегиңдин бир үзүмүн уурдаган болосуң.

(Натан Моррис)

Акчаны тапмайынча сарптабагыла.

(Томас Джефферсон)

Жарды «жардымын» деп ыйласа, бай «өтө бай эмесмин» деп ыйлайт.

(Йован Стерия)

Ууруга алтын тоону берсең да уурулук кылганын койбойт.

(Орус накылы)

Голливуд – өбүшкөнүң үчүн миң доллар, жандүйнөң үчүн 50 цент төлөгөн жер.

(Мэрилин Монро) 

Акчаң жок болсо, акынсың.

(Михаил Векслер)

Джентльмен андан ири өлчөмдө карыз сурашкандарын жакшы көрөт: канчалык көп сурашса, баш тартканга ошончолук жакшы.

(Константин Мелихан)

Бай адамдардагы мага жаккан бир гана нерсе – бул алардын акчасы.

(Нэнси Астор)

Досту акчага сатып ала албайсың, бирок акчага түзүгүрөөк душманды сатып алса болот.

(Роберт Эндрюс Милликен)

Эгер эркек айымын «кымбатым» деп атаса, демек, ага арзан аял керек.

(Константин Мелихан)

Түлкүнү тооктун баасы канча экени кызыктырбайт.

(Азербайжан накылы)

Аял издеп атасыңбы? Андан көрө акча изде. Акчаң болсо аял сени өзү табат.

(Орус накылы)

Бир мүшөк акча керек болсо эки мүшөк акыйкатты да жеңип кетет.

(Дания накылы)

Акчага сатып алынган достон көрө, бекер келген душман жакшы.

(Кароль Бунш)

Акчага каршы акчасыз күрөшүү мүмкүн эмес.

(Джон Стейнбек)

Мен шамалды жакшы көргөн себебим, аны акчага сатып ала албайсың.

(Джанни Аньелли)

Акыл – ой жүгүртүү үчүн керек. Акчаны болсо келесоолор деле таба алышат.

(Давид Фридман)

Акчаны жок кылсаң, согуштар да жок болот.

(Квинтиллиан)

Чиновниктин акчасын хирург гана ала алат.

(Михаил Задорнов)

Өзүнүн менчик самолету бар кишини дегеле аяп болбойт.

(«На грани» тасмасынан)

Көп кишилер оптимисттерди каржылап жүрүп пессимист болуп кетишти. 

(Ч.Т.Джонс) 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер