Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аптаптуу күндүн ысыгында кандай кийинүү керек?

Аптаптуу күндүн ысыгында кандай кийинүү керек?

26-июль, 22:19
177 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көп адамдар “ысып жатам” деп жеңи жок майка, кыска шорталарды кийип, же жеңи ачык кыска көйнөктөрдү чапташтырып алышат. Мындай шартта адам салкын жүргөнү менен денесин күндүн зыян нурларынан сактай алышпайт. Кол, буттун териси күндүн А нурунан жапа чегип, кургап, кээде көп күйгөндүктөн былжырлар да пайда болот. Ошондуктан синтетика аралашпаган, жеңи, этеги узун денеге жабышып турбаган узун көйнөк кийүү эң туура. Эгер көйнөктүн кездемесине бир аз синтетика аралашкан болсо, анда анын ичинен пахта кездемеден тигилген майка кийүүнү унутпашыңыз керек. Синтетика аралашкан кийим денеден чыккан терди өзүнө сиңирип ала албайт. Тер денеден чыгып, сиз баскан сайын шамал болуп, бөйрөк, өпкө, ашказанга суук тийет. Майка кийсеңиз, ал денеден чыккан терди өзүнө сиңирип алып турат.

Көчөдөгү кайнап жаткан ысыктан муздак кондиционер иштеп жаткан бөлмөгө кирүү же муздак сууга жуунуу да туура эмес. Мындай шартта бөйрөктүн шамалдашы, суук тийүү жана башка вирустук оорулар пайда болот. Ысыктан киргенде бир аз нормалдуу температурада эс алып, ысып турган денени салкынга көндүргөн соң муздакты кабыл алуу керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер