Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозо айында туура тамактануу үчүн кеңештер

Орозо айында туура тамактануу үчүн кеңештер

23-февраль, 01:12
588 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Рамазан айында туура тамактануу өтө маанилүү. Орозо айында туура тамактанам деген кыялдарыбызды тамак-ашка толгон ооз ачуу дасторкону бузуп коет. Чындыгында Рамазан айында орозо кармоо ден соолугубузга пайдалуу, бирок туура эмес тамактансак, ден соолугубузга зыян келтириши мүмкүн. 

     1. Оозду аз көлөмдөгү курма (финик) менен ачыңыз. 

Курма углеводдорго бай, ал орозо кармагандарга күн бою энергия берет. Ошондой эле курма тамак сиңирүү органдарынын иштешин жөнгө салат, магний жана калийге бай. 

     2. Ооз ачууну бир стакан суу менен баштаңыз. Бул ашыкча тамак ичип алуунун алдын алат. Рамазанда организм суусуз калбашы үчүн суу ичүү өзгөчө маанилүү. Ооз ачуудан жапканга чейин жетиштүү деңгээлде суу ичип туруңуз, ошондо күн бою суусабайсыз. Тамактанууга уруксат берилген учурда 8 стакан суу ичкенге аракет кылыңыз.

     3. Тамак-аш рационунузда организмге керектүү баардык витаминдер бар экендигин текшериңиз. Орозо – белоктор, жашылчалар, дан эгиндери, жемиштер жана пайдалуу майлар сыяктуу азыктарды камтышы керек. 

     4. Ден соолукка пайдалуу тамактарды тандаңыз. Дан, эт, балык, зайтун майы жана жемиштерди колдонуңуз. Куурулган, туздуу жана майлуу нерселерден алыс болуңуз. Эт, буурчак өсүмдүктөрү, жумуртка жана сүт азыктары белокторго бай. Бул азыктардын жок дегенде бирөөсүн күнүнө жешиңиз керек.

     6. Таттуудан алыс болуңуз. Ооз ачуудан кийин таттуу нерсе тамак сиңирүүнү начарлатат. Мындан тышкары, бул кандагы глюкозанын деңгээлин жогорулатып, таттууга болгон муктаждыкты күчөтөт. Бирок ооз ачуудан 2-3 саат өткөндөн кийин таттуу жесеңиз болот. Таттуунун ордун ден соолукка пайдалуу курма, кургатылган жемиш, момпосуй менен алмаштырган жакшы.

     7. Кофе такыр сунушталбайт. Рамазан айында кофе ичүүнү азайтып, баш оорудан жана уйкусуздуктан алыс болуңуз. 

     8. Үч маал тамактануу. Рамазан айында үч маал тамактануу да маанилүү, ифтар, жеңил тамак жана сухур. Негизги тамакты үч бөлүккө бөлүңүз. Үчтөн бири татаал углеводдор, үчтөн бири эт же балык, калганы жашылча. Бул салмактуу тамактануу болот.


      Рустам

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер