Майлуу курсактан кантип кутулса болот?


10 грамм эриген клетчатка жесе ички органдагы майды 3,7 пайызга азайтат. Эриген була сулуу, арпа, жаңгак, дандар, буурчак тукумундагылар, кээ бир жер-жемиштер менен мөмө-жемиштерде кездешет. Бүтүн дан өсүмдүктөрдүн аркасында адам тез тоюп, ашыкча салмак жебей калат. Тактап айтканда, табитин тыюуга мүмкүндүк берет.
Байытылбаган майды пайдалануу (зайтун майы, авокадо жана жаңгактын кээ бир түрүндө кездешет) курсактагы майды азайтууга пайдасын тийгизет. Сары май, эт менен тоок этинде кездешкен майды жебегенге аракет кылыңыз.
Мындан сырткары адистер жеген тамактын өлчөмүн азайтууга кеңеш беришет. Карындагы майды кетирүүгө аз калориялуу диета жакшы жардам берет.
Бирок ички организмдеги майдан арылуу үчүн физикалык машыгууларга да көңүл бөлүү керек.










