Мээнин жумушун 20 мүнөттө жакшыртса болобу?
Карап турсак, ар бир адамдын башынан өтүп турган жагдай: кыска убакыт ичинде мээ аркылуу көп нерсени ойлонуп, чечип салышат. Бирок иш жүзүнө келгенде, анын баарын заматта чечип таштоо мүмкүн эмес. Милдеттүү түрдө эс алуу кажет. Анда эмне кылуу керек?
Ал үчүн күчтүү, тез арада калыбыңызга келтире турган ыкманы колдонуңуз. Эгер организмибиздин өтө катуу чарчаганы же болбосо ооруганы сезилсе, анда кофе жардам берет. Болгону 15-20 мүнөттүн ичинде сиздин эс-акылыңыз толугу менен ордуна келип жетишет. Өзүңүз карап көрүңүз, эч кандай физикалык же материалдык чыгым кетпейт. Кофени ичип алгандан кийин 15-20 мүнөт аралыгында көздү жумуп, “чырм” этип алыңыз. Дал ушул убакытта кофе ашказанга жетип, сергектикти тартуулайт.
Эскертип кетчү нерсе, белгиленген убакыт өлчөмүнөн ашык уктоого болбойт. Себеби, 15-20 мүнөт ичинде жеңил уйку фазасы орун алса, андан ары жогорку фазага кетип калат. Андан кийин уйкудан туруунун канчалык азап экенин түшүнөсүз...
Баарын айтылгандай жасап чыксаңыз, анда уйкудан турганда жакшы эс алып калганыңызды сезесиз. Албетте, организм өзүн толук кандуу жакшы сезбеши мүмкүн, бирок мээ бөлүгү жумуш иштегенге даяр болот.
"Азия Ньюс" гезити