Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жүрөк да гүл сыяктуу – аны күч менен ачуу мүмкүн эмес, ал өзү ачылышы керек

Жүрөк да гүл сыяктуу – аны күч менен ачуу мүмкүн эмес, ал өзү ачылышы керек

13-апрель, 12:01
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эркек менен бактылуу болуш үчүн аны жакшылап түшүнүп, бир аз сүйүп коюш керек. Аял менен бактылуу болуш үчүн аны аябай сүйүп, бирок түшүнгөнгө аракет да кылбаш керек.

Жарыкта жалгыз басканга караганда, караңгыда досуң менен баскан артык.

Күнгө жүзүңдү бур, ошондо көлөкөнү көрбөйсүң.

Карап туруп, бирок акыйкатты көрө албаган – сокур болгондон да жаман.

Көзү бар болсо да көрө албаган киши – дүйнөдөгү эң шордуу киши.

(Хелен Адамс Келлер)


Таңдын атканына, жаздын келгенине сүйүнгөнүңө карап, өзүңдүн ден соолугуң кандай экенин билсең болот.

Тапанча сага чымчыктын өзүн эмес, анын өлүк денесин гана берет.

Өзүнүн ички үнүнө кулак салгандардын эч кимиси жаңылган эмес.

Эмгектенгендин өзү жетишсиз. Ишти кумурска деле жасай алат. Кеп кандай ишти кылганыңда.

Сүйүү жалын эмес жарык болушу керек.

Бир келесоо эрежени киргизип койсо, бир келесоо аны аткарат.

Эгер кимдир бирөөгө туура эмес жашап жатканын түшүндүргүң келсе, өзүң туура жаша.

Мыйзам эч качан адамдарды эркин кыла албайт, адамдар мыйзамды эркин кылууга тийиш.

Асман биздин башыбыздын үстүндө гана эмес, биздин бутубуздун астында дагы.

“Таймсты” эмес, “Этернитисти” окугула.

(Генри Дэвид Торо)


Ар кандай улуулук – бул оору.

Жашоо – мрамор менен баткактан жаралган.

Жалганчы кишиге бүт дүйнө калп айтып жаткандай сезилет.

Чыныгы баатырдык билекте эмес, жүрөк менен башта.

Бирөөнү туурап ийгиликке жеткенден көрө, оригиналдуу болуп, жолуң болбой калган жакшы. 

Жакшы китеп жазыш үчүн алгылыктуу теманы тандаш керек.

Гений баштап гана коё алат, бүтүргөнгө болсо чыдамкайлык, эмгек керек.

(Герман Мелвилл)


Тоого чыккыла, жакшы жаңылык угасыңар.

Мен жөнөшүм керек, тоолор чакырып жатат.

Тоого барганың – үйүңө барганың.

Мен нааразы болгон бир да даракты көргөн жокмун.

Музыка жаңырганда кар да эрип кетет.

Эл жашай элек кезде Калифорния континенттин эң гүлдөгөн бөлүгү болчу.

Кудай бак-дарактарды кургакчылыктан, оорудан, нөшөр менен суу ташкынынан сактайт. Бирок, келесоодон коргой албайт.

Даракты ар кандай келесоо кыя алат. Себеби, дарактар кача албайт да.

(Джон Мьюир)


Чыныгы талант менен чыныгы боорукерликти атайылап көрсөтүүнүн эч зарылчылыгы жок. Ал эртеби-кечпи өзү эле көрүнөт.

Чыныгы мактоо менен кошоматчылыкты ажырата билгенди үйрөнүү керек. Эгер ажырата алсаң, даанышман болосуң.

Эң мыкты аял – үйдү бактылуу кыла алган аял.

Сүйүүсү күчтүү киши азды көрөт.

Адам эмгек кылганга канчалык эрте үйрөнсө, ошончолук бат жетилип, өз алдынчалыкка ээ болот.

Күтүүсүз келген кубанычтан өткөн дары жок.

Үй-бүлөдөгү аба ырайын сен өзүң жаратасың, маанайың чөгүңкү болсо, “качан күн чыгат?” деп күтпөй эле кой.

Досумдун мактоосу мен үчүн гезиттеги ондогон макалалардан, жалаяктай-жалаяктай болгон рекламалардан артык.

Балдар колунан келишинче узагыраак мезгил бала бойдон калуулары керек.

Үй-бүлөлүк турмуш чексиз сүйүүнү жана чеги жок чыдамкайлыкты талап кылат.

Бактысыз аял, же өзүнө күйөө издеген бети жок кыз болгондон көрө, кара далы болгон жакшы.

Чыныгы леди туфлисинин, колкабынын, бетаарчысынын тазалыгынан билинет.

Ар кандай таланттуу адамга көрк берген  бул анын жөнөкөйлүгү.

Адамдар бирөөлөр аларга акыл үйрөтүшүн эмес, күлдүрүшүн каалашат. Азыркы заманда моралдын соодасы жүрбөй калды.

Эгер ичинде сүйүү болбосо, заңгыраган эң керемет үй да түккө арзыбайт.

Жүрөк да гүл сыяктуу – аны күч менен ачуу мүмкүн эмес, ал өзү ачылышы керек.

Бирөөнү капа кылып, көңүлүн ооруткан азил – начар азил.

Кудай бизге жүрөктү эмнеге берди экен? Жүрөгүм жок болсо мен кыйла жеңил жашамакмын.

Биз өзүбүз менен алып кете турган жалгыз нерсе  бул сүйүү. Биздин өлүмүбүздү оңой, жеңил кылган да ошол.

Ташбоорлукту боорукерлик менен жеңүү керек.

Кара булуттун артында дайыма жарык күн бар.

Кекирейгендик эң мыкты генийди да бузат.

Адам канчалык жөнөкөй, жупуну болбосун, таланты менен тарбиясын эч кимден жашыра албайт.

Менде баары бар, силерде болсо эчтеке жок. Ушул туурабы?

(Луиза Мэй Олкотт)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер