Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сөзсүз окуңуз. Жашоону жөн эле текке кетирип аткан болуп жүрбөңүз?

Сөзсүз окуңуз. Жашоону жөн эле текке кетирип аткан болуп жүрбөңүз?

29-ноябрь, 18:37
3 503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Керектүү нерсеби же убакытты текке кетирүүбү, өзүңүздү карап көрүңүз. Сиз көп убакытты жана көңүлдү кереги жок нерселерге бөлөсүз. Мисалы, оюн, телевизор, интернет, түшкү тамак менен ичимдик. Бул сиздин жарык келечектин негизин түзүп бере алабы? Күмөн санайбыз, демек, бир нерсе өзгөртүүгө убакыт келди.

Сиз арызданбай жашай албайсыз. Ооба, жашоо баарыбызды эле кыйнайт, бирок ошону эле айта берсеңиз, иш оңунан чыгып кетпейт да. Андан көрө жакшы нерсеге көңүл буруп, баарын таразалаңыз, антпесеңиз негативге түбөлүккө чөгүп кетесиз.

Мээни азыктандыруудан жалкоолоносуз. Өзүңүз үчүн жаңы нерселерди ачыңыз, жаңы маалыматтар менен азыктаныңыз, китеп болобу, кино же кызык адамдар менен баарлашуу болобу... Антпесеңиз, балыр гана өскөн, токтоп калган көлчүктү элестетип каласыз.

Сиз өзүңүзгө келесоо, жалкоо жана алсыз адамдай мамиле кыласыз. Чынбы? Сиз көп нерсе кыла аласыз! Ооба, баары эле кыйын бизнесмен боло бербейт, бирок өзүңдү канааттандырып жана мүмкүнчүлүктөрүңүздү билип алуу – мына керек нерсе.

Сизди эч нерсе шыктандырбайт жана келечекти пландоого көнгөн эмессиз. Кайгылуу, өтө кайгылуу! Эгер стимул жана так план болбосо, жакынкы аралыкта такыр эле токтоп каласыз.

Сиз көп жашоо энергияңызды, сизге өскөнгө жана өнүккөнгө тоскоолдук жараткан адамдарга, ушакка коротосуз. Көп убактыңызды жана күчүңүздү телефонуңузга же компьютериңизге коротосуз. Алар сизге тоскоолдук жаратууда.

Сиз ресурстар менен каражаттарды өзүңүзгө кереги жок нерселерге жумшайсыз. Бул жогорку пунктка кайрылгандай сезилет, бирок акча менен материалдык байлыкка тийешелүү. Бюджетти пландаңыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер